Талапкердин программасы:

  1. Учурдагы өнүгүүнү жана жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен жаңы объектилерди куруу үчүн участоктордун тандоосун контролдоо;
  2. Грант аркылуу арзан бала бакчаларды куруу;
  3. Жергиликтүү калк үчүн инвестиция аркылуу чакан жана орто бизнес идеяларды ишке ашыртуу жана инвестициялык климатты

жакшыртуу;

  1. Короолордогу балдар жана спорт аянтчаларын иретке келтирүү жана көрктөндүрүү, мектеп стадиондорун реконструкциялоо;
  2. Жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн аймактардын кайра куруудолбоорлорун ишке ашыруу, эс алуу борборлорун куруу;
  3. Жаш жарандардын өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, жаштардын активдүүлүгүнө көмөктөшүүчү методикалык, маалыматтык жана башка материалдарды иштеп чыгуу;
  4. Мамлекет тарабынан ишке ашырылып жаткан социалдык колдоонун чаралары жана программалары жөнүндө жарандардын

маалымдуулугун жогорулатуу;

  1. Пенсионерлердин жана калктын социалдык аярлуу катмарынын абалын жакшыртуу;
  2. Мугалимдердин,мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин социалдык жашоосун жакшыртуу
  3. Зордук-зомбулукту жана адамзатка зыян келтирген идеологиянын пропагандасына чектөө боюнча чара көрүү;

11.«Таза суу» боюнча максатту жана эффективдүү программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу, бардык жарандарды сапаттуу таза суу менен камсыз кылуу