КР жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:

 

 

Мен, Айбек Алтынбеков. Жогорку Кеңештин депутатыгына №15 Базар-Коргон райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигимди койдум. Анткени, менин максатым – сиздердин койгон талаптарыңыздарды ишке ашыруу жана Базар-Коргон менен Тогуз-Торо райондорунун жашоочуларынын көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча ишти андан ары улантуу. Социалдык жана башка маселелерди чечүү үчүн мен тараптан кандай аракеттер керек болсо, баарына  даярмын жана баардык күчүмдү жумшайм.Кыргыз Республикасынын саясатынын негизинде өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, ички-тышкы саясатынын туруктуулугун жана ата-бабаларыбыз тутунган салттуу динди колдоп, ошондой эле улуттар аралык биримдикти чындоо менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жүргүзүп жаткан саясатына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына берилген ыйгарым укуктардын алкагында иш алып баруу.Базар-Коргон жана Тогуз-Торо райондорунун социалдык-экономикасын көтөрүү максатында буга чейинки демилгеленип келген сунуштарды эске алуу менен ири өндүрүштүк ишканаларды, чакан цехтерди иштетүү жана жаңы жумуш орундары менен камсыз кылууну колго алып, Мамлекеттик аткаруу органдарына сунуш берүү менен муктаждык болсо, жаңы мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизүү. Базар-Коргон жана Тогуз-Торо райондору тоолу аймак болгондуктан туризм инфраструктурасын өнүктүрүү негизги багыт болуп саналат.