ШАЙЛОО ПРОГРАММАСЫ

Мен, Уметалиев Артур Алимжанович, өзүмдүн жеке программамды тартуулап, биздин аймактардагы жашоочуларынын негизги көйгөйлөрүн жана сунуштарын талкуулап, өзүмдүн жашоомдун жана профессионалдык тажрыйбанын негизинде эн маанилүү маселелерди  камтыганга аракет кылдым.

Биринчиден, менин программамда актуалдуулук көйгөйлөрду чечүү максаты турат. Анын ичинде: маянаны көтөрүү, инвестиция алып келүү, мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттин каражатын туура жана рационалдуу колдонуу, коррупцияга каршы көрсөтүү жана окуу боюнча реформаларды киргизүү.  

 

БАЗАР-КОРГОН ШАЙЛОО ОКРУГУ БОЮНЧА

  1. 1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрду киргизүү. Минималдуу маянанын көрсөткучтөру 8 эсе көбөйүүсү зарыл. Бул проекттин жасалышы пилоттук форматтын негизинде башталып, кийин жеке секторлорунда, мамлекеттик жана муниципалдулуук денгээлде откорулот. Бул маселелени чечүүгө жеке ишмер компаниялар катышууга тартылат. Ошол эле кезде мамлекеттик жана муниципалдуулук ишмерлердин маянасына жергиликтүү бюджеттен каражаттар кошулат.
  2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрду киргизүү.
  3. Кыргыз Республикасынын «Инвестиция жөнүндө» деген мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү. Коррупция маселесин көтөрүү.
  4. Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдүү киргизүү. Жаштык айылындагы №3 инструменталдык лицейдеги иштетилген методика менен колдонуу жана «Эне мектеби» деген проектти түзүү.

5. Ошондой эле, медицина, спорт, үй-булөө жана башка сфералардагы маселелерди чечүүгө аракет кылам.