
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Депутаттыгына талапкер Алымов Адылбек Шариповичтин программасы
- Айыл чарба – Азык-түлүк:
- Чаткал жана Ала-Бука райондорунун аймагындагы жергиликтүү минералдардан арзан калий жана фосфор жер семирткичтерин даярдоочу цехтерди уюштуруу;
- Чанач-Сай суу сактагычынын 2-бөлүгүн курууну бүткөрүү, Сумсар суу сактагычын куруу маселесин аягына чыгаруу;
- Орток-Бел массивине, Сазык жана Көк-Серек сыртына суу чыгаруу;
- Кара-Корум - Ак-Таш каналын куруу үчүн инвесторлорду тартуу;
- Тери-жүн жана мөмө-жемиштерди иштетүүчү ишканаларды уюштуруу;
- Мал чарбасын өнүктүрүү,тоют базасын чыңдоо максатында комбикорма даярдоочу цехтер уюштурулат;
- Экология:
- Тоо кен тармагында иштеген фирмалар тарабынан экологиялык тартип бузууларга жол бербөө боюнча жана жергиликтүү калктынкызыкчылыктарын коргогон мыйзамдар сунушталат;
- Тоо кен тармагында иштетилген жер аянттарын сапаттуу рекультивациялоого багытталган мыйзамдар сунушталат;
- Коомдук экологиялык угууларды жана коомдук экспертизаларды максаттуу уюштуруу боюнча мыйзамдарга сунуштар киргизилет.
- Туризмди өнүктүрүү үчүн инвесторлор менен иш алып барылат;
- Чакан ГЭСтерди куруу боюнча донордук уюмдар менен иш жүргүзүлөт;
- Чек ара маселесин чечүү боюнча сунуштарды киргизүү;
Жаңы жумуш орундарын түзүү максатында эл аралык уюмдар менен иш алып баруу