Абдувалиев Зарылбек Рубенович

Мен, Абдувалиев Зарылбек Рубенович, Бишкек шаарында 1983-жылдын 23-сентябрында төрөлгөм. 2000-жылы Бишкек шаарындагы №61 физика-математикалык мектепти бүтүрүп, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО), эл аралык экономикалык мамилелер адистигине тапшырдым.

5-курстан тартып, эл аралык аудитордук компанияларда иштеп баштадым. 2005-жылы кайра Бишкекке келип, «Делойт жана Туш» жана «КПМГ Бишкек» ЖЧКларында иштедим. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын күбөлөндүрүлгөн аудитору жана Британиянын Бухгалтерлер Ассоциациясынын (ACCA) мүчөсү болдум.

 2010-жылы Ислам каржылоосу адистиги боюнча Малайзия улуттук банкынын бир жылдык программасы боюнча INCEIF (Куала-Лумпур) университетине тапшырып, окудум.

Коомдук иштерде мен 2014-2018-жылдары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ФУГИ) жана 2019-2021-жылдары Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү болдум. ММБФнын коомдук кеңешинде иштеп жүргөндө, мен мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин рейтингин эсептөөнү демилгелеп чыккам. Бул рейтинг ишканалардын активдеринин рентабелдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнүн негизинде, ошондой эле жыл ичинде башчы бул көрсөткүчтү жакшыртуусунун негизинде эсептелген. Бул рейтинг Коомдук Кеңешке жетекчилердин эффективдүүлүгүн тез жана көз карандысыз баалоого мүмкүндүк берген.

2019-ж. Билим берүү министрлигинин коомдук кеңешинде бир жыл иштегенден кийин, орто билим берүүчү мектептердин (ЖРТ маалыматтарынын негизинде), жогорку билим берүү жана илим үчүн коротуулардын эффективдүүлүгү боюнча Министрликтин ишмердүүлүгүнүн анализин даярдагам.

 

2021-ж. Кыргызстандагы ММЭАМдын (МГИМО) бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын төрагасы болдум.

2012-2017- жж. мезгили менен АУЦА жана Ататюрк Алатоо университеттеринде бухгалтердик  эсеп жана аудит боюнча сабак бергем.

2018-ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан "Бухгалтердик эсеп жана аудиттин отличниги" наамын алды.

2019 -жылдан бери ФОЭСтин (МСФО) англисчеден кыргызчага которуу боюнча эксперттик кеңештин мүчөсүмүн. Бул иштин натыйжасында ФОЭСтин негизги терминдеринин кыргыз тилиндеги сөздүгү түзүлүп, бекитилди.