Ниязалиева Дамира Абаскановна

Автобиография
Ниязалиева Дамира Абаскановна
1960-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1982 жылы Алма-Ата мамлекеттик медициналык институтун аяктап, андан сон Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. Эмгек жолун 1982 жылы Токмоктогу медициналык окуу жайда иштөөдөн баштаган. Андан кийин Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда окутуучу болгон. Ортодо жеке ишкерлик менен алектенип, "Аманат" ЖЧКсынын генералдык директору болуп эмгектенген. 2007-жылы Жогорку Кеңештин 4-5-чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган. 2010 жылдын апрель айында Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ошол жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V чакырылышынын депутаты болгон. Андан сон Вице-премьер-министр кызматын аркалаган. 2015 жылдын ноябрь айынан баштап «Фарм-Трейд» ЖЧКсында кризис-менеджери болуп эмгектенип келет. Саламаттык сактоо тармагынын эмгек синирген ишмери. Б.Бейшеналиева атындагы коомдук фондунун жана «Улуттук Аялдар» кыймылынын төрайымы.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)