Бир мандаттуу округдан Жогорку Кецешке талапкер Дамира Ниязалиеванын
ПРОГРАММАСЫ
Аллахымдын буйругу менен жана   элим берген ишенимдин негизинде Жогорку Кенештин 4,5 чакырылышынын депутаты болуп иштедим. Дайыма социалдык комиттетте иш алып барып энелердин, балдардын, аялдардын, жаштардын, улгайган адамдардын, дегеле жалпы социалдык ар бир адамга керектүү маселелер үстүнөн иштеп, элимдин жашоосун оңой турган, женилдиктерди алып келе турган бир топ мыйзам жаздым. Бирок тилеке каршы, алардын көбү дээрлик иштебей атат. Депутаттыка талапкерлигимди коюп аткан себебим: Өзүм жазган мыйзамдарды кеземелге алып, иштеп кететургандай шарт түзүү, жана жаны, керектүү мыйзамдарды жазуу. Менин Програмам толугу менен жазган мыйзамдарымды жана көтөргөн көйгөйлүү маселелерди камтыйт.
КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР!
-Мекенибиздин улгайган адамдары-нарктуу дөөлөтүбүз!
-Мекенге болгон ак кызматы жогору бааланышы керек! -Пенсия, желек пулдар кечиктирилбестен, индексация сакталуу менен өз убагында төлөнүп турушу шарт! Ар бир инсан бакубат карылыгында байгер өмүр сүрүшү мамлекет тарабынан кепилдениши зарыл!

БЕЙИШ-ЭНЕНИН ТАМАН АСТЫНДА
-Улуттун дени сак, руханий жактан заманбап калыптануусу-Энелердин ден-соолугуна тыгыз байланышта!
-Энелердин жана балдардын ден- соолугуна кам көрөлү!
-Баатыр энелерге кошумча жеңилдиктер каралып, пенсияларына кошулган көрсөткүчтү 2 эсе көтөрүү.
БИРИНЧИ БАЙЛЫК: ДЕН-СООЛУК
Мамлекеттен Саламаттык сактоо тармагына жетиштүү каражат бөлүнүп, забанбап дарылоо ыкмаларына өтүү. Дарыгерлердин укуктары корголуп, маянасы индексация болуусу зарыл. Дүйнө жүзүнө келген Ковид-19 Пандемиясында кетирилген кемчиликтерди түп тамыры менен жоюп, Саламаттык сактоо системасын Рефомалоо.
-Кадр дайындоо маселесин Мамлекеттарабынан күчөтүү жана катуу көзөмөлгө алуу.
-Жумгал, Кочкор, Ак-тала райондук ооруканаларынын жетишсиз имараттарын куруу жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо.
-Санитардык көзөмөлдүү күчөтүү менен бирге, санитардык кызматты жаңылоо.
-Алыскы региондо иштеген даарыгерлерге кошумча колдоо көрсөтүү (каражат,соц.пакет)
-Маянаны индексация кылуу.

ЖАШТАРГА ДАҢГЫР ЖОЛ
-Кыргызстан күчкө толуп турган жаштарга таянат, демек, биз алардын заманбап өнүгүүсүнө ар тараптан колдоо көрсөтүүгө милдеттүүбүз!
-Жаңы жумуш орундарын түзүү, жаш үй-бүлөөлөргө максаттуу жардам берүү, чакан жана орто бизнестерине материалдык колдоо көрсөтүү, туура кесип тандоосуна багыт бөрүү биздин негизги максат!
-Жаңы ишкерликке багыт алган жаштарга бизнес-долбоор менен иштөөнүн тартибин үйрөтөбүз! Ар бир татыктуу кадр-жумушсуз калбашы керек!
- Айылда жашаган жаш үй-бүлөлөргө там салуу үчүн жер тилке бөлүп берүү. (мамлекеттарабынан)
АЙЫЛДЫН АЯРЛУУ КАТМАРЫН ЖАКЫРЧЫЛЫКТАН ЧЫГУУГАРУУГА ШАРТТУЗУУ.
-Аялдарга тигуучу цехтерди ачканга колдоо көрсөтүү менен бирге продукциярын сатууга көмөктөшүү.
-Чебер кол мырзаларга чакан ишкана ачканга жана усталыкты уйрөтуу менен продукциясын сатууга көмөктөшуу.
-Мамлекеттик денгээлде ушул багытта ишкана ачам дегендерге жардам беруу.

БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК ,САПАТТУ БИЛИМ
-Терелгенден тартып наристелер эрезеге жеткенче мамлекеттин өзгөчө камкордугунда болушу шарт!
- Бала-бакчалар бардык aтa-энелергe жеткилүктүү болушу керек.
-Мектеп ар бир окуучуга талаптагыдай   билим уясы болушу керек!
- Мугалимдердин статусун көтөрүү менен аларга социалдык жакшы шарттарды тузуу
-Кесиптик билим берууну кенен профилде жайылтуу зарыл!
-Жогорку окуу жайларга сапаттуу билим беруугө талаптарды кучөтуу менен бутуруучулердун кызматка орношуу маселесин мамлекеттик көзөмөлгө алуу жана пландоо.
Ушул максаттар ишке ашуусу учун Сиздин ишеним жана добушунуз маанилуу! Сиздин добуш-мен үчүн аманат! А мен аманатка кыянаттык кылбаймын!!!

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)