Алымжанов Айбек Орозбекович

Өмур баян

Алымжанов Айбек Орозбекович  - Жеке ишкер,  1970-жылы 16 августта Нарын облусунун, Кочкор районунун, Теңдик айылында жарык дүйнөгө келген.

Эмгеки ишмердигин 1989-жылы Кочкор сельэнергодо 3-чу даражадагы электромонтер болуп баштаган.

1989-жылы Алма-Ата темир жол траспорттук техникумдун энергетика жана энергетикалык экономика адистиги боюнча бүтүргөн.

2011-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин аяктаган.

1989-1990-жылдары – Кочкор сельэнергодо 4-чу  даражадагы электромонтер.

1990-1991-жылдары – Фрунзедеги политехникалык институт. Механизмдер жана машиналар теориясынын бөлүмүнүн инженери.

1992-жылдан 1997 жылга чейин – «Улар» киши ишкананын мүдүрү. Чаек айылы.

1997-жылы ОсОО «Жандос» фирманын финансы мүдүрү.

2007-жылдан баштап азыркы кунго чейин ОсОО «Жандос» фирманын башкы мүдүрү.

Сыйлыктар

 III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын "Салбуруун" тандоо оюндарына катышкандыгы үчүн Нарын облусунун курама командасынын ыраазычылык каты.

  • • Кыргыз Республикасынын көмүр өнөр жай кызматкерлеринин күнүнө карата, биздин ишкананын жыргалчылыгы үчүн акниет эмгеги, жогорку кесиптик жетишкендиктери жана кынтыксыз эмгеги үчүн Ардак грамота.
  • • Өлкөнүн көмүр тармагына жигердүү катышкандыгы жана жемиштүү кызматташкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын ыраазычылык каты.
  • 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга катышкандыгы үчүн ИИМдин "Кыргызмилициясына 85 жыл" мааракелик медалы.