Алымжанов Айбек Орозбекович – Бирмандаттуу №32 Кочкор округунан өзун-өзу көрсөткөн депутаттыка талапкердин программасы.

Балдар – биздин келечегибиз!

  1. Оспурумдордунтамак-ашкоопсуздугункамсыздоо.

Бала бакча жана мектептерде көмөкчү чарба (подсобное хозяйство) аянтчаларын уюштурууну колго алуу керек. Бул көмөкчү чарбаларды көп тармактуу колдонсок болот:

  1. Комөкчү чарбаларда жашылча-жемиштерди (картошка, перец, капуста ж.б.) өстүрүү менен балдардын тамак-аш коопсуздугу боюнча маселени чечкенге мүмкүнчүлүктөр бар. Көмөкчү чарбалар үчүн айыл-өкмөт ар бир бала бакча жана мектептерге 50 сотыхтан кем эмес жер болуп берсе башталгычта жетиштүү болот. Алган түшүмүн окуу жылынынаягына чейин сактап, ашканаларында ар түрдү тамактар үчүн колдоно алынышат. Өсүмдүктөр менен биздин келечегибиз болгон балдарга таза витаминдерди берип, алардын ден-соолугуна кам көрөбүз.
  2. Эмгекке жарап калган 9-11 класстын балдарын багбанчылыкка окутуп, практика жүзүндө аларга өсүмдүктөрдү туура өстүрүү менен көп түшүм алууну үйрөтө алабыз
  3. Көмөкчү чарбаларда тамчылатып сугаруу, өстүрүүнүн жаңы ыкмалары жана жабдуларын колдонуу менен айланада жашаган коомду жаңы технологиялар менен тааныштыраалабыз.
  4. Келечегибиздин ээси болгон жаштарыбызды алдыдагы турмушка багыттоо

Экономикалык абал эмгек базарындагы болгон талаптын тез өзгөрүшүнө алып келүүдө. Бүгүнкү кесип эртең керексиз кесипке айланууда. Окуу жайларыбыз көп, бирок көбү экономикалык кызыкчылыктын негизинде иш алып баргандыктан жаштардын кайсы кесипке ээ болоорун, же кайсы кесипке шыгы бар экендигин эске алышпайт. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн биз балдарыбыз мектеп уясынан учуп чыкканча аларды келечекке даярдап алышыбыз керек. Мисал катары мен окуучулар үчүн терең профориентациялык иш-чаралардын жүрүшүн колго алууну сунуштайм. Ооба, ар кайсы  окуу жайлардын өкүлдөрү жаз айында келип өздөрү окуткан кесиптерди мактап айтып берип кетишет, бирок ошол кесиптер биздин окуучуларга кандай пайда алып келээри же ал кесиптердин бүгүнкү глобалдык эмгек базарында канчалык денгээлде актуалдуу экендигин айтышпайт. Ушул себептен улам биз балдарыбыз үчүн 7-8 класстан баштап эле профориентациялык иш-чараларды жүргүзүүбүз керек. Ар бир кесиптин ээлерин мектептерге чакырып (куруучу, бизнесмен, аш-позчу, юрист ж.б.) кесиптер тууралуу маалымат берсек, алардын өз ооздорунан туура жана актуалдуу маалыматтарды жеткирсек, балдарыбыз келечеке карай пландарын түзгөнгө оңой болот.

  1. Жаштарды коомдук иштерге активдүү аралаштыруу.

Коомубуздагы жаштар өлкөбүздүн саясий жана экономикалык жаатында жигердүү иш-чараларды алып барышууда. Көптөгөн маданий иш-чаралар уюштурулуп келет (спорт оюндары). Бул жакшы көрүнүш. Бирок өлкөбүздүн жалпы жаштарынын активдүүлүгүн жана сабаттулугун эске ала турган болсок, биздин райондордун жаштарына мамлекеттик болсун же мамлекетттик эмес уюмдар болсун көнүл бурбай келет. Биздин жаштар коомдун талабына ылайык болгон маалыматка, илимге жана билимге ээ болушу керек. Ошондуктан булл жаатта көп иш-чараларды колго алышыбы зкерек. Мисалы ар бир айыл өкмөттөгү балдарды социалдык же экономикалык проектилерди тура иштеп чыкканды уйротуп, жергиликтүү жана эл аралык донорлор менен иш алып барууга үйрөтүшүбүз керек. Керек болсо жаштар үчүн аймактагы профессионалдар насаатчы (наставник) болушун камсыздап берсек тура болмок.

  1. Диверсификацияланган экономиканы тузушубуз керек.

Биз жашаган чөлкөм айыл-чарба тармагына өтө ылайыкташтырылган. Негизги багыт мал-чарба, ошондой эле дыйкандарыбыз картошка буудай айдап келишет. Туура, дыйкан базардагы суроо-талапка жараша өз продукциясын өстүрөт. Бирок жалпылап алып келсек басымдуу бөлүк картошкага ыктап келет. Картошка арзан болсо пайда жок, кымбат болсо ал кыска мөөнөткө гана. Ошондуктан картошкага карата алтернативдик өсүмдүктөрдү эске алышыбыз керек. Мисалга алсак Жумгал өрөөнүндө алма бакчалар болгон. Кыргызстандын алмасына болгон суроо талап өтө чоң, акыркы күндөрү Кытай мамлекети дагы импорттоого даяр экендигин билдирип жатат. Ошондой эле биздин рынокто тоок этине болгон суроо талап дагы чоң, эмне учун тоок чарбаларын өнүктүрүүнү колго албашыбыз керек. Башкача айтканда рынокту диверсификациялашыбыз керек.

  1. Электр энергиясына болгон коз карандуулуктан чыгуу

Жыл өткөн сайын дүйнө климаттык өзгөрүүгө туш болуп келүүдө. Өзүбүз деле байкагандай жыл сайын суу тартыштык маселеси болуп келүүдө. Биздин электр энергия ГЭСтерге байланган, демек келечекте суу аз боло баштаса ГЭСтер жетиштүү энергияны бере албай калышы толук мүмкүн. Ушул себептен улам биз оз районубузда күн  жана шамал энергиясын колдонууго өтүшүбөз керек. Бул тармакта иш алып барууга кызыктар ишкерлер коп, биз аларды тартып келсек, аймагыбызга күн жана шамал энергия станцияларын курабыз.

  1. Мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү

  Региондордо мугалимдердин кадыр баркын көтөрүү биздин максатыбыз. Социалдык жана экономикалык жактан артыкчылыктарды берүү менен колдоо аркылуу, биз региондорго сапаттуу мугалимдерди тарта алабыз. Ааламга жол – айылдан башталат демекчи, Биз регионубуздагы жаштарды сапаттуу билим аркылуу гана элибиздин жашоосун жана Мамлекетибизди онүктүрө алабыз.