Самыйкожо Мирлан

Өмүр баян
Мирлан Самыйкожо-Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында 1984-жылы 19-майда туулган. 2001-жылы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектепти аяктаган. 2006-жылы Кусеин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. 2002-жылы Чыгармачыл жаштардын "Нурборбор" коомдук бирикмесине мүчө болуп, 2003-жылы аталган бирикменин проза ийриминин жетекчиси болгон. 2003-2004-жж. "Бийиктик" басмаканасында маданий иштерди жайылтуу боюнча менеджер болуп иштеген. 2004-жылы "Айтыш" коомдук фондунун "Калемгер" адабий клубун негиздеп бүгүнкү күнгө чейин жетектеп, «Айтыш" коомдук фондунун тен төрагасы да болуп коомдук негизде иштеп келет. Бул адабий клуб кыргыз адабиятына зор салымын кошуп келет. Республикалык денгээлдеги мыкты ангеме жана пьесалар, сын жана рецензиялар боюнча "Калемгер" адабий клубу тарабынан жарыяланган адабий сынактардын жыйынтыгында "Булак 1", "Булак 2", "Булак 3" ангемелер топтомунун, "Булак 1", "Булак 2" пьесалар топтомунун түзүүчүсү болгон. 2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү. 2007-2008-жж. Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун "Жаштар секциясынын" башчысы болуп эмгектенген. 2008-жылдын май айынан Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын "Жаштык" радиосунда эмгектенип, 2010-жылдан 2015-жылга чейин "Кыргыз радиосунун" башкы редактору болгон. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалыматжана туризм министрлигинин "Искусствону өнүктүрүү жана кесиптик билим берүү" башкармалыгынын милдетин аткаруучу, ушул эле жылдан 2017-жылга чейин министрдин кенешчиси кызматын аркалаган. 2017-жылы "Устат Академиясын" негиздеген. 2015-жылдантартып Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун "Жаштар секциясынын" башчысы. 2018-жылдын ноябрь айынан бери "Марал" радиосунун маданият бөлүмүнүн продюссери. 2019-жылы КТРКнын "Маалымат" редакциясынын продюссери болуп эмгектеди. 2021-жылдын башынан бери коомдук иштер менен алектенип келет.
Мамлекетибизде болуп жаткан маданий, коомдук, саясий иштердин активдүү катышуучусу.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)