Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине №32 Кочкор шайлоо округунан бир мандаттуу кандидат Мирлан Самыйкожонун
Программасы: Киришуу:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешин мыйзам чыгаруу палатасы дейбиз. Демек, мыйзам чыгаруу палатасы болгон сон, календардык план жана жыйындардын күн тартибинин негизинде мыйзам долбоорлорду коомдук талкууга чыгарып, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн арттырып мамлекеттуулук үчүн Элге иштей турган мыйзамдарды кабыл алууга тийиш. Жалпы комчулукка эн алгач Жогорку Кенештин кандай орган экендигин туура жеткирүү маанилуу. Себеби, кийинки мезгилдерде Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкерлер, андан сон, депутаттар элден добуш алуу үчүн амалкөйлүк менен алдоо жолдорун колдонуп, карапайым Эддин кулк мунезуне жана акыл эсине "Жогорку Кенештин депутаты - арык касып бергич, жол сала калгыч, жарык коюп койгуч, ар кандай спорт площадкаларын кургуч" сыяктуу кур үмүткө жетелеген жалганчы айлакерлер болуп таанылып калды. Жогоруда айтылган социалдык маселелер албетте жасалууга тийиш. Бирок, алдоо жолу менен эмес мыйзам жолу менен чечилиши керек. Жогорку Кенешке депутат болуп бараткан кандидаттын эн, биринчи маселеси каржы болуп эсептелинип келет. Анткени, "акча баарын чечет" деген түшүнүк бар. Ошол үчүн ЖКнын депутаттарынын көпчүлүк бөлүгү алигархтар менен бизнесмендер.    Бирок, учурдагы кырдаал менен жалпы коомчулуктун ой-жүгүртүүсү жана тандоосу өзгөрүлдү десек болот. Ар бир жаран күнүмдүк эмес эртенки келечек жөнүндө ойлонуп мамлекетибиздин эгемендүүлүгү, азаттыгы өтө маанилүү экендигин түшүнүп калды. Бул шайлоодо адам добушун товар катары сатып алуучуларга жол бербейт деген чон, ишеним бар. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши "Бизнес кылуучу" эмес! - мыйзам чыгаруучу палата экендигин ар бир жаран түшүнүүсү зарыл!

  1. Билим беруу:

Билил берүү системасынын денгээлин көтөрүү менен сапатын жогорулатуу негизги маселе. "Билим алуу ийне менен кудук касканга барабар" деген сөздүн мааниси канчалык терен, болсо билим берүү системасынын сапаты андан да терен, болуусу зарыл. Анткени биздин келечек билим менен аныкталат. Өсүп кележаткан муун кандай билим алып жатканына терен, көнүл буруубуз кажет. Ал билимди берип жаткан мугалимдердин сапаты менен жөндөмү өтө чон, орунду ээлейт. Эгерде, кайсыл бир мугалим жогорку окуу жайын коррупцияльж жол менен параланып бүткөн болсо, ошол мугалим бүүөтүндөй бир муундун келечегине балта чаап коеру анык. Кыргызда мындай кеп бар: "Бир эле мыктын айынан бир такага доо кетет! Така сынса туяк жабыркайт. Туяктан тулпар аксайт. Тулпар аксаса, Тулпарды минген эр жыгылат, эр жыгылса Эл жапа чегет.

 

Көйгөйлөрү:

  1. Мугалимдин билим сапаты
  2. Мектептердин жетишсиздиги
  3. Окуу куралдарынын тартыштыгы
  4. Мугалимдин маянасынын аздыгы

 

Чечуу жолу:        

 

  1. Мугалимдерди ачык түрдөгү тесттен өткөрүү.
  2. Мектеп куруу боюнча мамлекеттик демилгечи топ түзүү.
  3. Окуу куралдарынын сапатына көнүл буруучу редакциялык топтун жоопкерчилигин күчөтүү.
  4. Мугалимдин маянасын жогорулатуу менен женилдиктерди кошуп берүү мыйзамын иштеп чыгуу.
  5. Медициналык абал:

"Тамакты дары катары колдонбосон, кийин дарыны тамак катары колдонуп каласын," деген Стив Джобстун сөзү бар. Ар бир тирүү адамдын биринчи байлыгы ден-соолук болуп эсептелет. Демек, эн алгач өз денибизге өзүбүз кам көрүүбүз зарыл. Ал эми күнүбүз доктурларга түшүп калган мезгилде көз каранды жашоо башталат. Ошол учурда медицинага болгон ишеним бекем болуусу керек болот. Бирок, биздин медициналык абалыбыз кечээки пандемия учурунда сокурга көз бүткөндөй көрүнүп калды. Борбордогу ооруканадан

баштап, элетгеги дарыгерлерибиз өз айласын таппай калган учурду башыбыздан өткөрдүк. Мындай учурда медициналык жабдыктарыбыздын жетишсиздиги менен имараттарыбыздын тардыгы баарыбызды дурбеленгө түшүрдү. Ошол дүрбөлөндүн (паника) айынан да бир топ жарандарыбыз менен кош айтышууга аргасыз болдук. Демек, бул убакытка чейин медицинага көнүл буруу солгун болуп келгендигинен кабар берди. Карапайым эл жергиликтүү жана республикалык ооруканалардан башкага барууга чама-чаркы чак болгондуктан өмүргө коркунуч жаралып келет. Ал эми айрым атка минерлерибиз менен акчалуулар капчыгына таянып кыргызстандан эмес чет өлкөлөрдөн дарыланууга шарттүзө алышат. Эгер кыргызстандын ар бир жараны эн, алгач өз жериндеги дени сак улут женунде ойлоно алса мындай кейгей болбойт эле.
Медицина тармагынын талылуу көйгөйлөрүн чечүү жолун тездетүү зарыл. Биздин программабызда кесипкей адистердин профессионалдуулугу жана медицинаны замап жабдыктары    менен камсыздоого кам көрүү долбоору тыкыр каралган.

  1. Маданиятты өстүрүү Маданият дегенибиз, экономикабыздын негизги булагы десек болот. Биздин мамлекетибизди туристтик елке катары карап керсек келип-кетип жаткан конокторубузга эн, алгач маданиятыбызды көрсөтүүбүз керек. Маданият десе эле ырчы-чоорчу артисттерибизди элестетип алганыбыз бул каталык тааным. Маданияттын ичине айлдагы үйүбүздүн айлана тегерегиндеги арыктын түз чабылып туруусу, бак-дарактарыбыздын түз отургузулуп, акталып, буталып, айлана тегереги таза болуусу дагы маданиятыбыздын башаты болуп эсептелинет. Турмушубузда дайыма акыл эсибизге ала журчу ар тармактуу маданиятыбызды өстүрүүбүз зарыл. Мисалы: Кече маданияты, Сүйлөө маданияты, Журум-турум маданияты, Тамактануу маданияты, Саясий маданият сыяктуу бир топ маданияттуулукка муктаж жактарыбызды өрчүтүү жана үлгү болуу. Жарандардын ан сезимине маданият аркылуу тенкөрүш жасоо негизги зарылчылыкты талап кылат. Келечек муунду манкуртчулуктан сактоо жана коргоо ар бир үй-бүлөнүн негизги милдети болуусу шарт.
    4. Соттордун кез карандысыздыгы:
    Кез карандысыз эгемен мамлекттин негизги өзөгү сот эркиндиги менен бааланышы зарыл.    Женекей жалпактил менен айтсак. Биринчи Жараткан болсо андан кийинки ишенимибиз эле сот болуусу керек. Учурдагы сотторубуздун чыгарган чечимдерин кез карандысыз чечим десек болобу? Бул жерде өтө чон, күмөн ойлор жаралат. Демек, кумен нерсе чийкилик жана ишенбөөчүлүк. Адам тагдырынын бурулушуна таасир берип жаткан негизги нерсе бул соттордун кез карандуулугу. Чийки же жалаа чечимдердин чыгышы. Мыйзамдуу өлкөдө жашаганыбыз анык болсо, ошол мыйзамдын так иштеши сотчечими менен аныкталып, ар бир жарандын мыйзамдуулукка болгон жоопкерчилиги артылышы зарыл. Иштеген мыйзам менен иштебеген мыйзамдын ортосундагы аныктаманы айрымалай албаган жарандарыбыздын катары көбөйүп сотторго болгон ишенбөөчүлүк күч алса, өлкөбүздүн башынан башаламандык кетпейт. Карапайым калкка иштеген мыйзамдар менен аларга чыккан сот чечиминин катаалдыгы менен бардарлардын баасына байланган сот чечиминин ортосундагы айрымачылык асман менен жердей эмес, карангы менен жарыктай таасир берет. Соттун акыйкаттуулугу менен кез карандысыздыгын коргоого болгон каалоо программабызды толуктайт.

  2. (Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)