Омолдошова Айжан Рыскуловна

ӨMYP БАЯН

Омолдошова Айжан Рыскуловна 1978-жылы 2-апрелде Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Куртка (Жаны-Талап) айылында кызметкердин үй-бүлөсүндө туулган. 1995-жылы Куртка айылындагы Байымбет атындагы орто мектепти аяктагандан кийин, КМУУнун журналистика факультетине окууга тапшырып, 1999-жылы бакалавр баскычын, 2000-жылы ушул эле окуу жайдын магистрдик баскычын аяктаган. Эки артыкчылык дипломдун ээси.

Иш тажрыйбасын 2000-жылы Нарын шаарындагы «Тенир-Тоо" радиосунда программалык продюсер болуп эмгектенүү менен баштаган.

2001-жылы "АКИ пресс" маалымат агенттигинин Нарын облустук өкүлү болуп бекиген.

2002-жылы Нарын шаарындагы "Шанкай" телерадиокомпаниясына башкы редактор болуп иштеп баштаган.

2005-жылы Баткен шаарындагы "Салам" радиосунда алгач маалымат программаларынын редактору, андан соц программалык директор кызматын аркалаган.

2006-жылы КТРКнын маалымат программасында иштеп баштап, адегенде "Алатоо" маалымат программасынын кабарчысы, андан кийин эфирге чыгаруучулук кызматта, ушул тапта өз кабарчы кызматында эмгектенип келет. Жогорку окуу жайды аяктап, кесиби боюнча иштеп баштагандан тарта өлкөдөгү коомдук-саясий, экономикалык, социалдык, коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүү, маданий, спорттук иш чараларды чагылдырып келет өзгөчө Жогорку Кецештин 4-5-чакырылышынын жыйындарын, комитет отурумдарын, малымат жыйындарын активдүү чагылдырып келген. Ошол эле учурда министрлер кабинетинин жыйындарын, министрлер кабинетинин башчысынын катышуусунда иш чараларды активдүү чагылдырганга жетишкен. Ошол эле маалда кичи жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган, ошондой эле күнүмдүк күрч темаларды чагылдырган атайын репортаждары да аз эмес. Мындан сырткары эфирге тоо-кен тармагындагы кырдаал, жолдордун абалы анын ичинде Түндук-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу боюнча кеп сандаган материалдарды, атайын репортаждарды даярдаган. 2015-жылы парламенттик шайлоо, 2016-жылы Референдум жана жергиликтүү кенештерге шайлоо, 2017-жылы президенттик шайлоо өнөктүгүндө шайлоо ишин жигердүү көрсөтө алды. Ошол эле учурда БШКдан маалыматтарды түз эфирге алып чыгууда иштиктүү иштеп келди. КМШ, ШКУ, ЕАЭБ, Түрк тилдүү мамлекеттердин катышуусу менен өткөн самит, жыйындарынан материалдарды өз маалында эфирге чыгарууда өз салымын кошуп келет. Чолпон-Атада өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга өзүнүн мыкты чеберчилигин керсете алды.

Мыкты эмгеги үчүн КТРКнын "Мыкты кызматкери", Маданият, малымат, туризм жана жаштар саясаты министрлигинин "Мыкты кызматкери" наамына татыган. Жогорку Кенештин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө кошкон салымы үчүн Жогорку Кенештин атайын сааты, Коррупция, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жол кырсыктарын азайтуу багытындагы мыкты репортаждары үчүн ИИМдин 90-жылдык жана "Ардак" төш белгилери жана ИИМдин бир канча жолу Ардак грамоталары менен сыйланган. Ошондой эле бир нече министрлик менен мекемелердин Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланган.