-

ЖОГОРКУ КЕНЕШКЕ ШАЙЛООГО КАРАТА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ

Мен Омолдошова Айжан Рыскуловна өзүм төрөлүп өскөн Нарын облусунун тагдырына деги эле өлкөмдүн келечегине кайдыгер эмесмин. Ушул кезге чейин журналисттик кесибиме байланыштуу өлкөнүн булун-бурчун кыдырып, ар бир аймакта, жада калса ар бир үйдө кандай көйгөйлөр бар экендигин көзүм менен көрүп, жон терим менен сезип келдим. Ар бир көргөн, билген маселени эфир аркылуу чагылдырып, бийлик бутактарына жеткирип, көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун издеп, алардын чечилуусуне түздөн-түз өбөлгө болуп келдим. Эми дал ошол көйгөйлөрдү эфир аркылуу эмес, Жогорку Кенештин трибунасына чейин алып чыгып, алыскы аймактагы элдин жашоо шартынын жакшырышына, экономиканын өнүгүшүнө, депутаттарга чон ишеним артышкан жергиликтүү элдин демине дем кошкон кадамдарымды улантууга бөлсөм. Жаштар азыртан саясатка аралашып, өлкөнүн өнүгүшүнө байланыштуу демилгелерди көтөрүп, эл менен менен бийлик бутактарынын ортосунда көпүрө болуп, жаштар, аялдар деги эле коомчулук менен биргелешип иш алып барышы керек. Кыргызстанда жаштар жалпы калктын 30 пайызга жакынын, мындайча айтканда, учтен бирин түзөт. Ал эми аялдар калктын тек жарымынан көп. Бул кыйла чон катмар, өтө зор күч. Ошондуктан, бийлик бутактары жаштардын жана аялдардын кандай гана маселеси болбосун колдоп, аларды чечүү аракетин көрүшү шарт. Аялдар менен кошо жаштардын кызыкчылыгын коргоо, алардын демилгелерин колдоо - менин башкы милдетим болгон жана боло берет. Азыр дүйнө тездик менен өзгөрүп жаткан мезгилде жаштар баштагы мамлекеттен жардам кутуп отуруу өнөкөтүнөн эбак кеткен. Кыргыздын ар бир улан-кызы жаш мамлекетибизди ерге тартуу аракетин жасашы керек. Менин да бул жаатта өзүмдүн сунуштарым, идеяларым жана программам бар.

Менин программам бир нече багыттардан турат:

өнүгүү багытында мектеп окуучулары, мугалимдер жана студенттер үчүн иш-чараларды уюштуруу.

Ар бир ишкана жана мекемелер менен өз ара байланышты чындоо Ар бир айылдын муктаждык өзгөчөлүктөрү боюнча ар кандай өнүктүрүү долбоорлорду иштеп чыгуу менен жаштарды жумушка тартуу.

Айлана-чөйрөнү коргоо. өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо боюнча кыймылын түзүү.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык көйгөйлөрдү жок кылуу багытында таштанды калдыктарын жок кылуу жана ар бир айылды жакшыртуу.

Табигый байлыктарды коргоо, эл аралык стандарттар боюнча ишти туруктуу түрдө жүргүзүү.

Сергек жашоо ынгайын пропагандалоо, спорттук иш-чараларды уюштуруу.

Балдардын жана аялдардын укуктарынын сакталышына байланыштуу маселелер боюнча мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында, башка мекемелерде текшерүүчү (Инспекциялык) иш-чараларды өткөрүү.

Баланын жана аялдардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарына тиешелүү нормативдик укуктук акттардын долбоорлорун иликтөөгө алуу.

Дал ушундай маселелерде керектуу мыйзамдарды жазуу жана иштеп жаткан мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду сунуштоо.

Эгер сиздерде кандай сунуштар жана идеялар бар болсо, анда биргелешип чечүүгө аракеттерди баштоо.