Нурбек уулу Ормон

Өmүp баян
Мен, Нурбек уулу Ормон 1990-жылы 2-декабрда Нарын обласынын Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айылында мугалимдер үй-бүлөөсүндө төрөлгөм.
Атам кочегар, Апам химик, Чон атам математик, Чон апам кыргыз тилчи. Төрт бир туугандын кичүүсүмүн — улуу агам жана эки эжем бар. Кыргызча, орусча, туркче, англисче сүйлөй алам.
Кочкордо үчүнчү класска чейин жашап, кийин жашоо шартыбызга байланыштуу борбор каалабыз Бишкеке көчүп келгенбиз. Ошентип 3-класстан окуумду №27-орто мектепте уланттым. Апам шаарга келип "Кыял" соода борборунда канцелярдык товар сатып алек болгон. Ак-Өргө жаны конуштан үйлүү болгонбуз. 2006-жылы жашаган жерибизди алмаштыргандыктан №68 гимназияга которулгам. 2008-жылы мектепти бүтүп, Заманбап Информациялык Технологиялар Институтуна тапшырдым.
Тилекке каршы жашоо шартка байланыштуу окууну убактылуу токтотуп, Россияга иштегени кеткем. Россиянин Смоленск обласында маляр-штукатурщик болуп иштедим. 2010-жылы Кыргызстанга кайтып келдим.
2011-жылы Дордой соода борборунда соода сатык менен алектенип, андан тышкары Турцияга түз каттап, ишим илгериледи. Ал ишкерликти 2017-жылга чейин кылдым.
2018-жылдан тарта окуумду улантып, 2021-жылы Бакалавр квалификациясына ээ бол дум.
2018-жылдан тарта жеке ишткерлик менен алектенип келгем, учурда «Таза Мекеним» ЖЧКунун Башкы директору болуп эмгектенип Кочкор районунда таштанды кайра иштетүүчү ишкана ачып жатам.
Коомдук иштерге активдүү катышып, элдин жашоо турмушун жакшыртуу багытында кептеген иш чаралардын уюштуруучусу жана колдоочусу болуп келгем.
Пандемия учурундагы өзгөчө салым кошкондугум жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгым үчүн Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнөн «Жылдын Каарманы» наамына ээ болгом.
Азыркы тапта туулуп өскөн жерим Кочкор районунда туруктуу жашап, элиме кызмат кылып келем. Үй бүлөөлүү, эки баланын атасымын. Сот жообуна тартылган эмесмин.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)