№ 32 бир мандаттуу Кочкор шайлоо округунан КР Жогорку Кенешине талапкер
Нурбек уулу Ормондун
ПЛАТФОРМАСЫ:
Өлкөбүздөгү ахыбалды ондоп, өнүгүүгө карай бет алуубуз үчүн жаш ишкер катары эн, алгач ишкердүүлүктү жана экономиканы алга жылдыруу зарыл деп эсептейм. Ошондуктан платформамдын эн, приоритеттүү багыты бул айыл экономикасын өнүктүрүү болуп эсептелет.
1.   ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭКОНОМИКАНЫ ӨHYKTYPYY:
■     Айыл жергесинде чечүүчү маселе көп бирок акча жетишпейт, бюджет дотацияда. Айылдарда бюджетке туруктуу салык төлөй алчу чакан ишканаларды ачканга көмөк көрсөтүү. Жергиликтүү бюджетти дотациядан чыгаруу, туруктуу жумуш орундарын түзүү;
■     Элдин чарбачылыгына инновациялык жана экологиялык жактан зыяны жок ыкмаларды киргизүүгө көмөктөшүү;
■     Айыл тургундарынын экономикалык ишмердүүлүгүн активдештирүү, алдынкы чарбалар жана ишканалар менен тажрыйба алмашууга шарт түзүү;
■     Эл чарбачылыгына дайыма жана чон көлөмдө сатылып алынчу материалдарды район ичинде өндүрүүчү ишкана ачууну камсыз кылуу;
■     Ишканаларды ачууда жергиликтүү инвесторлордун каражаттарына басым жасоо;
■     Туризм тармагынын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.
2.   АЙЫЛДЫН ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ӨHYKTYPYY:
■      Айылдарды толугу менен жарыктандырууга көмөк көрсөтүү;
■      Айылдарды толугу менен таза суу менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
■      Аялдардын жана жаш балдардын жагымдуу эс алуусу үчүн заманбап парктарды уюштурууга көмөк көрсөтүү;
■      Талкаланган автожолдорду калыбына келтирүүга көмөк көрсөтүү;
■      Түндүк-түштүк альтернативдүү авто жолунун сапаттуу жана белгиленген мөөнөттөн кечикпей курулушуна депутаттык көзөмөл жүргүзүү;
■      Айылдарда жаштар машыкканга зарыл болгон спорт залдардын уюштурууга көмөктөшүү;
■      Коопсуз айыл долбоорун ишке ашыруу, ар бир айылдын чыга беришине көзөмөл видео камераларын орнотууга көмөк көрсөтүү.
3.   БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН ӨНҮКТУРҮҮ:
■      Курулушу сөздүгүп жаткан мектеп жана бала бакчалардын курулуш иштерин көзөмөлгө алуу, убагында акча бөлүнүүсүнө көмөк көрсөтүү;
■      Авариялык абалдагы мектеп жана бала бакчалардын ордуна жаны имарат курдуруу боюнча тынымсыз иш алып баруу;
■      Мектептердин жана бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана мугалимдердин инновациялык ыкма менен сабак берүүсүнө көмөк көрсөтүү;

■      Окуучулар үчүн мотивация берүүчү чакан долбоорлорду ишке ашыруу.
4.   САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ТАРМАГЫН ӨHYKTYPYY:
■        Айылдык жана райондук медициналык мекемелердин элге кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жана материалдык-техникалык базасын жакшыртууга көмөк көрсөтүү;
■        Айылдыктар муктаж болгон жаш врачтардын айылга келип иштеесүнө көмөк көрсөтүү.
5.   ЖОГОРКУ КЕНЕШТИН ДЕПУТАТЫ КАТАРЫ:
■        Сессияларга активдуу катышуу жана аткаруу бийлиги менен шайлоочулар орсунда көпүрө болуу. Аймактын көйгөйлүү маселелерин Жогорку Кенештин трибунасынан көтөрүү жана өкмөт алдына коюу;
■        Мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген мыйзамдарга жана чечимдерге колдоо көрсөтпүү;
■        Коррупцияга каршы дайым күрөштө болуу;
■        Шайлоочулардын ишеничин актоого болгон күч аракетимди жана мүмкүнчүлүгүмдү жумшоо, шайлоочулар менен ар дайым тыгыз байланышта болуу;
■        Район ичиндеги жашоочулардын, өзгөчө жаштардын ынтымагын чындоо, биримдигин күчөтүү.
6.   ТАЛАПКЕР КАТАРЫ:
■        Шайлоо өнөктүгүндө жаныча саясий маданиятты көрсөтүү, атаандаштар жана учурдагы бийлик тууралу жаман, апыртма, калп сөздөрдү айтпоо;
■        Үгүт учурунда шайлоочуларды алдабоо, аткарылбаган жана реалдуу эмес убадаларды бербее, добуш сатып алууну болтурбоо.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)