Сардарбеков Сабырбек

Омур баяным.

Мен, Сардарбеков Сабырбек 1-март 1957-жылы Кочкор районун Комсомол айылында кызматчынын үй-бүлөөсүндө туулгам. 1964-жылы Ак-Жар орто ментебине кирип, андан кийин Комсомол орто мектебинде, Фрунзе шоорынын №5 орто мектебинде окуп, Толао-Булак орто мектебин 1974-жылы аяктагам. 1974-1979-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетин бүтүрүп, Кочкор ройонун "Эпкин" орто мектебинде тарых жона коом таануу мугалими болуп иштедим. 1979-1980-жылы Кочкор райондук комсомол комитетинде, 1980-1985-жылдоры Партийный Кочкор райкомунда инструктор, 1985-1989-жылдары Кочкор районунун 24-партсъезд (Шамшы) колхозунун партиялык комитетинин секретарь болуп иштедим. 1989-1991-жылдары Алма-Ата шаарында Саясат жана Башкаруу институтунда окудум. 1991-жылы аталган институтту ийгиликтүү бүтүрүп, партиянын Нарын обкомунун 1-катчысынын жардамчысы болуп иштедим. 1991 -1996-жылдары Кочкор районунун мунай зат камсыз кылуу ишканасынын Директору болуп иштедим.1990-жылы Кыргыз айыл чарба иниститутунун экономика жана өндүрүштү башкаруу факультетин сырттан окудум. 1996-1998-жылдары АКБ "Кыргызстан" банкынын Кочкордогу "Сон-Кол" бөлүмүнүн башкармасынын орун басары болуп иштедим. 1998-2002-жылдары Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштедим. 2002-2005-жылдары АКБ "Кыргызстан" банкынын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим. 2005-2008-жылдары бизнес менен алектендим, 2008-2010-жылдын августь айына чейин Балыкчы шаарын 1-вице мэри жана убактылуу мэри болуп иштедим. 2010-2014-жылга чейин Нарын областык Губернаторунун орун басары болуп иштедим. 2014-жылдан бери "Кара Шумкар" ЖЧКасынын Директору, "Т.Усубалиев жана Кыргыгстандын тарыхый инсандары" коомдук фондунун диретору болуп иштеп келе жатам. Кыргызстан Комсомолунун, Бордордук комитетинин, ВЛКСМ Борбордук Комитетинин Ардак граматалары, төш белгилери менен бир нече жолу сыйлангам. Балыкчы шаардык мэрясынын(2009ж), Нарын областтык администрациями ардак грамоталары (2012ж), Нарын облусунун "Ардактуу атуулу" (2016-ж), Кыргыз Республикасынын жергиликтуу өзүн өзү башкаруу агентигинин "Жергиликтуу башкаруунун Отличниги"(2010ж) төш белгиси менен сыйлангам. Үй бүлөөлүү алты баланын атасымын.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)