Программа

Урматтуу шайлоочулар!

Өлкөбүздегү болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу мен Жогорку Кеңешке №32 Кочкор шайлоо округунан өзүмдүн кандидатурамды коёюн деп чечтим. Бүгүнкү эгемен өлкөбүздөгү баш аламандык жана туруксуздукту көрүп туруп мындай учурда мен саясий тажрыйбам менен натыйжалуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багыт алдым. Анткени ушул ахыбалга келгенибиздин негизги себеби: элдин көйгөйүн чечүүгө эмес, бийлик учун гана жан талашып барган, тажрыйбасыз жана саясий принциби жок адамдарды шайлап алганыбыз болду. Биз шайлоодо мурда берген убадаларынын аткарбаган адамдарды шайлаганыбыздан, кандидаттарды айырмалап биле албай кийин сон, аларга өз көйгөлөрүбүздү жеткире албай, кабинеттерине кирип жолугуша да албай калып жатабыз. Буга кандайдыр бир денгээлде шайлоочулар да күнөөлү, анткени көр турмуштун айынан добуштарын 1000-2000с алып шайлап коюп аларды жоопкерчиликтен таптакыр бошотуп коюдабыз. Андай акчалуу, бай адамдарга биз шайлоо күнү гана керек экенибизге келечекти ойлогон ар бир жарандын көзү жетти. Ошондуктан элибиздин келечегин ар бир жашоочу, ар бир шайлоочу ойлонууга милдетүү!

Элибиздин социалдык, экономикалык, чарбалык, маданий-агартуучулук иштердеги проблемасы жалпыга маалым. Бирок бул көйгөлөрдү чечүү шайлоо алдындагы программаларда гана калып келет. Мен үчүн бардык көйгөйлөр жат эмес, себеби мен сиздердин араныздарда чогу жашаган, сиздер менен иштешкен адам катары турмушубуздун терен түпкүрүнө чейин билем. Андыктан мен сиздердин суроо-талаптар менен жүрөк өйүткөн мудее, тилектериниздерди аткаруу үчүн, бул проблемаларды жогорку органдарга жеткирип кана тим болбостон талап кылып, кантип чечүү жолдорун билгендиктен баратам.

 

Сиздерди төмөндүгү программамдын кыскача бөлүгү менен тааныштыра кетейин.

1.  Шайлоодон кийин жакшы жашоо болот деп куру бекер убада берүү эмес, ошол айрым гана, ез ара бириккен топтордун кызыкчылыгын кездеген чийки, сапатсыз мыйзамдарды иргеп (ревизиялап), элге гана иштей турган мыйзамдарды иштеп чыгуу.

2. Эгерде Парламентке өтсөм менин көнүл борборумда биринчи кезекте өлкөнүн каржы документин (мамлекеттик бюджет женундегу мыйзамын) жыл сайын кабыл алууда өзгөчө саламаттыкты сактоо, билим берүү, коопсуздукту камсыз кылуу, маданият, искусство жана спортту өнүктүрүүгө артыкчылык берип, көбүрөөк каражат бөлдүрүүгө жетишем. Мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин электр энергиясы жана коммуналдык төлөмдөрүн 50% арзандатууну киргизем. Ошондой эле жогорку окуу жайлардагы контракттык системаны женге салып, акы телеп окууда сапаттуу билим бөрүүнү камсыз кылуучу мыйзамды киргизем.

З.Пенсионерлерге, калктын социалдык жактан муктаж катмарына жана балдарга, алар тарабынан ар кандай кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөдө менчигинин туруне карабастан чет өлкөдөгү системаларга ылайык саатына акы төлөө мыйзамын киргизем. Булардын пенсия, пособия жана убактылуу иштеген эмгек акыларынын тарифтерин жогорулатууну киргизем.

4.  Кыргызстан агрардык өлкө. Айыл чарбасын өнүктүрүүгө карата иштелип чыккан мыйзамдарды карап чыгып, айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча жаны заманбап технологияларды, айыл чарба техникаларын пайдалануу үчүн фермерлер менен дыйкандарга мамлекет тарабынан женилдиктерди, аз пайыздагы судаларды берүү жөнүндө мыйзамдарды кабыл алдырууга жетишем.

Райондордун ички жол каттамдары менен район аралык жолдорду ондоонун, бүтпөй калган мектеп, оорукана, маданий жана спорт жайларды планга киргизүүнү, бул маселени кантип чечүү керектигин областын губернаторунун орун басары болуп турганда өз башымдан өткөрүп көп иштерди жасаганбыз.

5.  Биз суу ресурстарына бай өлкөбүз. Ошого карабастан Турдакун Усубалиев тарабынан кабыл алынган сууну пайдаланууда коншу өлкөлөргө сууну сатуу жөнүндөгү мыйзамдын толук ишке ашырылышына жетишем. Бул Кыргызстандын энергетикалык тармагынын потенциялын көтөрүүгө, энергия булактарын экспорттоого жана ал аркылуу улуттук кирешени көбөйтүүгө болот.

6. Өлкөбүз жаратылыш, суу ресурстарына, кен байлыктарына бай өлкө.

Кен байлыктарды изилдө, казуу, иштетүү боюнча мамлекеттин эсебинен жаштарды алдыцкы өнүккөн өлкөлөрдөн окутуп, чет элдик заманбап технологияларды пайдаланып өзүбүздүн гана адам ресурстарын колдонсок миграция кескин кыскарат. Натыйжада миндеген жумуш орундары түзүлөт, жаны ишканалар ачылат. Иштелип чыккан баалуу продукцияларды сатуу менен мамлекеттик казынаны көбөйтүүгө болот.

7.  Өкмөттүн фискалдык органдары жөнүндөгү мыйзамдарды кайрадан карап чыгууга туура көлүүдө, каржылык, юридикалык аудиттин, мамлекеттин салык саясатынын женилдетүүчү мыйзамдарды иштеп чыгуу керек.

Мүлк салыгы жөнүндөгү мыйзамды кайра карап чыгып, бардык жарандар мүлкүнө жараша салык төлөөнү киргизүү керек.

8.  Мамлекеттин акча каражат саясаты толугу менен кайра каралууга тийиш. Банк,   акча   кредит   берүү   уюмдарынын   ишмердүүлүгүн   жөнгү   салуучу мыйзамдарды жаныртуу менен керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу мыйзамдарды киргизүү керек.

9.  Коррупция жөнүндөгү мыйзам толук өзгөртүүгө жатат. Мамлекеттик жана башка кылмыш иштери менен жоопко тартылган адамдар жана алардын жакын туугандары, балдары ата-энелери эч качан мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштебесин деген мыйзам кабыл алууга жетишем. Мына ошондо сөзсүз коррупция түп тамыры менен жоюлат жана жоголот.

10.     Административдик-территориялык реформ ал арды жүргүзүү боюнча мыйзам кабыл алып, областарды жоюп, район, айыл өкмөттөрүн, бирин бири кайталаган ведомстволор менен министерстволорду бириктирип, чакан мобилдүү өкмөт жөнүндөгү мыйзам кабыл алуу керек.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)