Бакасов Улан Болотбекович

Талапкердин кыскача өмүр баяны

Мен, Бакасов Улан Болотбекович, 1984-жылы 13-июлда Нарын облусуна караштуу Нарын шаарында төрөлгөм. Балалыгым Нарын шаарында өттү.

1991-жылы Нарын шаарынын Т.Сатылганов атындагы №1 орто мектебинин босогосун аттадым. 1996-жылы Нарын облустук М.Субакожоев атындагы кыргыз-турк лицейине кирдим. 2001-жылы орто билимдуу болдум. 2001-2007-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетине караштуу Кара-Көл инженердик факультетинде окуп, инженер-энергетик деген кесипке ээ болдум. 2009-2012-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында магисгратурада билим алып, юриспруденция багытын аяктадым.

2004-жылдан бери ишкерлик менен алектенем.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)