Бир мандаттуу № 33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына таланкер Бакасов Улан Болотбековичтин шайлоо алдындагы программасы

 

  1. «Айыл чарбасын өнүктүрүү менен айыл элин байытуу»

 

өлкөнүн жалпы калкынын 66% айыл жеринде жашашат жана алардын негизги ишмердүүлүгү айыл чарбасы болуп саналат.

Акыркы жылдарда айыл чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү боюнча бир топ иштер жасалса да, учурда Кыргызстандын айыл чарбасы жетиштүү денгээлде өндүрүмдүү жана атаандаштыкка жондемдуу эмес. Айрыкча башка мамлекеттер өзүлөрүнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүн (мындан ары - айыл чарба өндүрүүчүлөрү) колдоого тендешсиз ири инвестицияларды жумшап жатышканын эске алганда, узак мөөнөттүү келечекте айыл чарбадагы абал татаалдашып кетиши мүмкүн.

Аны менен бирге, Нарын облусунун жашоочуларынын дээрлик басымдуу бөлүгү айыл чарбасы менен алек болгондугун эске алсак, учурда кабыл алынган туура чечимдер облустун элинин жашоо денгээлин жакшыртууга түздөн-түз таасир этээри талашсыз.

Ошондуктан эн кыска убакытта төмөндөгү көйгөйлөрдү чечүүнү колго алам:

- айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн басымдуу санынын кичинекей масштабы жана жаңы технологияларды, көп өлчөмдө каржылык инвестицияларды алып келе албаган айыл чарбасына биригүү (кооперация) аркылуу ири жана атаандаштыкка туруштук бере алган айыл чарба системасына өтүү;

-    айыл чарба өндүрөөчөлөрүн жана чийки заттарды кайра иштетөөчүлөрдү           кластерлерге            интеграциялоо,            өндүргөн продукцияларыбызды башка өлкөлөргө чийки сатпастан, кайра иштетип сатуу системасын түзүү;

-  айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн каржылык булактарын көбөйтүү, каржылык булактарынын шарттарын эн ынгайлуу кылуу;

-  мал чарбасында малдын асылдуулугун жайылтуу, дыйканчылыкта сапаттуу үрөн менен камсыздоо программаларын ишке ашыруу. Муну менен айыл чарбасынан алына турган продукциянын көлөмүн жогорулатуу;

- Жайыттардын сапатын жана өткөрүмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана жайыттарды пайдаланууда чыр-чатактарды азайтуу үчүн жайыт пайдалануу боюнча так мыйзамдарды жазып чыгуу.

  1. «Уктук тар тин жана коопсуздук»

Жарандарыбыз өлкөбүздүн кайсыл гана жеринде болбосун өзүн коопсуз сезип журуусу зарыл. Алардын жашоосунда укугун коргой турган «менин милициям мени коргойт» деген ишеничин күчөтүшүбүз керек. Ал үчүн:

-  Укук коргоо органдарынын ишинде жазалоо эмес профилактика жумуштарына басым кылуучу системаны түзүү;

-  Кылмыштуулук менен күрөшүүдө жарандык көзөмөлдү, башкача айтканда «айыл биримдиги», «кошуналар ынтымагы» жана «көмөктөшүү» долбоорлору сыяктуу коомдун катышуусун күчөтүү;

-   Энуккөн өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жаткан, коомдук жана криминалдуу жерлерде видео көзөмөл системаларын өнүктүрүү.

  1. «Ресурстарды пайдалануу менен жумушсуздукту азайтуу»

Мамлекетибиз тоолуу мамлекет болуп, коптогон табигий ресурстарга бай болгонубуз менен региондордо жумуш ордун камсыз кылуучу ишканалардын жоктугу көйгөй болуп келет. Ошондуктан:

- Тоолордогу суу ресурстарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзө турган женилдетилген шарттарды иштеп чыгуу. Мисалы мини ГЭСтерди курууга уруксат кагаздарын жөнөкөйлөштүрүү, арзан каржы булактарын аныктоо;

-  Табият ресурстарын пайдалануу жолу менен ички жана чет элдик туристтерди тартып, кошумча каржы булактарын табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Туризм менен алектене тургандарга уруксат кагаздарын жөнөкөйлөштүрүү менен арзан насыяларды берүү системасын киргизүү.

  1. «Маданият. Дени сак улут - өлкөнүн келечеги»

Мамлекетибизидин келечеги үчүн, глобалдашуу процессинде башка күчтүү мамлекеттердин көлөкөсүндө калып, жок болуп кетүү коркунучун алдын алуу үчүн дени сак жана ички дүйнөсү бай, кыргыздын сапаттары менен өзгөчөлөнүп турган жаштарды тарбиялоо - биздин милдетибиз. Ошондуктан:

-    өлкүбүздүн бардык региондорунда жаштарыбызга спорттук объекттерди куруу долбоорлорун ишке ашыруу;

-    Кыргызга гана таандык болгон салттарды, өзгөчөлүктөрдү жаштарыбыздын канына синируу, алардын ички жан дүйнөсүн байытуу максатында маданий объекттерди куруу, долбоорлорду ишке ашыруу.

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо алдындагы программада аталган долбоорлордон тышкары шайлоочулардан кошумча сунуштарды жана пикирлерди кабыл алууга даярмын.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)