Сариев Акылбек Аблабекович

АВТОБИОГРАФИЯ

Мен, Сариев Акылбек Аблабекович, 1962-жылы 16-мартта Нарын облусунун Тянь-Шань районунун Казан-Куйган айылында туулгам. Жогорку билимдүү. 1984-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун “Машина куруу өндүрүшүн автоматташтыруу жана комплекстүү механизациялаштыруу” адистигин бүтүруп, инженер-электромеханик квалификациясына ээ болгом, 1996 -жылы Кыргызстан эл аралык университетинин “Дипломатия жана эл аралык укук” факультетин бүтүруп, “Юриспруденция” магистри квалификациялык академиялык даражасына ээ болгом.

Эмгек жолумду 1984-жылы Машина куруу өндүрүшүнүнун түштүк конструктордук-технологиялык бюросунда инженер-технолог кызматынан баштагам, ал жерде 1990 -жылга чейин иштегем. 1990-2000-жылдары жеке коммерциялык структураларда жетекчи, юрист болуп иштегем.

2000-2002 -жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынында консультант болуп иштегем.

2002-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп шайлангам. 2007-жылдын июнунан 2007 -жылдын сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын милдетин аткаргам.

2010-жылдын апрелинен 2011-жылдын июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болуп иштегем.

2006-жылдан 2019-жылга чейин ПРООНдун, Сорос-Кыргызстан Фондунун, Эл аралык Республикалык Институттун (IRI), КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин демократиясынын, парламентаризминин жана жарандардын шайлоо укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институтунун, “Адилет” укуктук клиникасы КФнун, “Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы КУнун, «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КУнун проекттеринде эксперт, адис болуп эмгектенгем.

2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп шайлангам.

2004-жылдан ушул убакка чейин “Электорат” коомдук фондунун жетекчисимин.

СССРдин 3 ойлоп табуусунун авторумун, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого арналган китептердин жана китепчелердин авторумун.

Мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды, ченемдик документтерди иштеп чыгууда жана аларды тиешелүү органдарда ишке ашырууда, сот жана башка органдарда кызыктар тараптардын кызыкчылыктарын коргоодо билимим жана тажрыйбам бар.

Үй -бүлөлүүмүн, үч баланын атасымын.