№33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сариев Акылбек Аблабековичтин шайлоо алдындагы программасы

Депутаттын ар-намысы - калктын кызыкчылыгын коргоо!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин негизги милдети-жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону, алардын жыргалчылыгын, жашоо деңгээлин жогорулатууну жана алардын аткарылышын контролдоону камсыз кылган мыйзамдарды кабыл алуу.

Депутаттын милдети - калктын, өзүнүн шайлоочуларынын кызыкчылыгын коргоо, окуругдун тургундары менен аткаруу, мыйзам чыгаруу бийлигинин, мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты камсыз кылуу.

Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сот жана башка органдарда коргоодо белгилүү бир тажрыйба топтоп, дайыма өзүмдүн күчүмө жана мүмкүнчүлүгүмө жараша жарандардын социалдык, тиричилик жана жеке көйгөйлөрүн чечүүгө жана чечүүнү камсыз кылууга жардам бергенге аракет кылдым.

Коомдун жана мамлекеттин пайдасы жана кызыкчылыгы үчүн алган билимимди жана алган тажрыйбамды мындан ары да ишке ашырууну каалап,

төмөнкүлөрдү колдойм:

  • мамлекеттин көз карандысыздыгы, эл аралык аренада анын беделин бекемдөө, эл аралык мамилелерди тереңдетүү;
  • элдин бийлигинин үстөмдүгү, күчтүү жана компетенттүү мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги;
  • кош стандарттар саясатына каршы туруу;
  • коррупция жана уурдоо менен катаал күрөшүү;
  • Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүндө парламенттик контролдун артыкчылыгы.

өзүмдүн күч -аракетимди багыттайм:

  • колдонуудагы мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды Конституцияга ылайык келтирүүгө;
  • калктын бардык катмарынын кызыкчылыктарын чагылдырган мыйзамдарды иштеп чыгуу жана кабыл алууга;
  • Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышына парламенттик контролду күчөтүүгө;
  • биометрикалык маалыматын тапшырбаган жана “баарына каршы” позициясы үчүн добуш берген жарандардын шайлоо укуктарын калыбына келтирүүгө жана коргоого;
  • социалдык коргоону камсыз кылуу жана жашоочулар үчүн сапаттуу жашоо шарттарын түзүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууга, округдун жаштарынын бош убактысын уюштурууга көмөктөшүүгө;
  • калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү, жолдорду оңдоо, карыларга, көп балалуу энелерге жана райондун калкынын аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү үчүн ар кандай булактардан инвестицияларды, финансылык ресурстарды тартууга.

милдеттенмелерди алам:

  • Жогорку Кеңештин сессияларына жана анын органдарынын жыйындарына активдүү катышууга, ар бир сессиядан кийин жергиликтүү ЖМКда жана интернет булактары аркылуу шайлоочуларды менин ишимдин жыйынтыктары менен тааныштырууга;
  • коомдук пикирди жана шайлоочулардын заказдарын эске алуу менен өзүмдүн шайлоо программамды жүзөгө ашырууга, өз округумдун муктаждыктарын, көйгөйлөрүн жана эң маанилүү коомдук кызыкчылыктарын талдоого;
  • көбүнчө калк менен жолугушууларды уюштуруу, жарандардын жазуу жана оозеки кайрылууларын кунт коюп угуу, өз округумдун аймагында жана жумуш ордумда жарандарды жеке кабыл алууга.

Эгерде мен депутат болуп шайлансам, шайлоочуларымдын алдындагы жоопкерчиликти жана милдетти сезип, шайлоо программамдын жогорудагы пункттарын ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетимди, билимимди жана тажрыйбамды жумшайм, округдун шайлоочулары менен жемиштүү кызматташууга, алардын эркин жана кызыкчылыктарын коргоого кепилдик берем.

Шайлоочулар ишенбөөчүлүк көрсөткөн учурда (шайлоо округунун аймагында жашаган шайлоочулардын 10% дан кем эмесинин жазуу жүзүндөгү талабы боюнча) депутаттык ыйгарым укуктарымды мөөнөтүнөн мурда жана өз ыктыярым менен токтотууга сөз берем.

 Колдооңуздарга үмүт кылам жана ишеним үчүн ыракмат!