
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович
1970-жылы Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу АтБашы айылында туулган.
Жогорку билимдүү 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин
Эсеп-коммерциялык факультетин, 2003-жылы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык факультетин бүтүргөн.
2017-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
К.Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында магистратура
багыты боюнча «Экономика» факультетин аяктаган.
Эмгек жолун Ат-Башы районунун РайПОсунун улук бухгалтери кызматында
баштаган.
1995-жылдын декабрь айынан июнь айына чейин Мамлекеттик салык
инспекциясынын Октябрь районунда инспектор;
1995-2003-жылдары Мамлекеттик салык инспекциясынын Биринчи май
району боюнча башкармалыгында инспектору, сектор башчысы;
2003-2006-жылдары Мамлекеттик салык инспекциясынын Ленин району
боюнча башкармалыгынында бөлүм башчы;
2006-2008-жылдары - Мамлекеттик салык инспекциясынын Свердлов району
боюнча башкармалыгында бөлүм башчы;
2008-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Экономиканы жөнгө салуу
министрлигине караштуу Мамлекеттик инспекциясынын директору;
2010-2015-жылдары V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кенешинин депутаты болуп шайланган. 2010-2012-жылдары КР Жогорку
Кенешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы, 2013-2015-
жылдары КР Жогорку Кенешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча
комитетинин төрагасы болгон.
2015-жылдын 4-октябрында "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси
боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин
депутаты болуп шайланган. 2015-жылдын ноябрь айынан 2016-жылдын
октябрь айына чейин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин
торагасы болгон.
2016-жылдын октябрь айынан тартып "Кыргызстан" парламенттик
фракциясынын лидери.
2020-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер
министри болгон.
Салык кызматынын III класстагы кенешчиси;
"Салык кызматынын отличниги",
"Кайра иштетүү өнөр жайынын отличниги"; Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кенешчиси;
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жогорку дипломатиялык рангы ыйгарылган. (24.10.2017)
Үй-бүлөлүү төрт баланын атасы.
(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)