№33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кенешинин депутаттыгына талапкер Баатырбеков Алмазбек Баатырбековичтин шайлоо алдындагы

Программасы

 

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына Нарын областынын кызыкчылыктарын илгерилетүү жана өнүктүрүү максатында «Региондун татыктуу келечеги» аталышындагы иш-аракеттер программасы менен барат. Анда Нарын областынын негизги көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору аныкталган.

Программанын кыскача сыпаттамасы

I Өкүлчүлүк блок

Нарын областынын жашоочуларынын жашоо сапатын жогорулатуу

Айыл жергесинин жашоо шарттарын толук кандуу шаардын шарттарына жеткируу максаты:

   Билим берүүнүн жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу.

    Ичүүчү таза суу жана суу жабдуулары менен камсыз кылуу.

    Автожолдорду     асфальт-бетон     менен     төшөөнүн     узактыгын көбөйтүү.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен социалдык объекттердин курулушун көбөйтүү керек. Ошондой эле эл аралык уюмдардын, кайрымдуулук фонддорунун финансылык каражаттарын тартуу зарыл.

Нарын областынын экономикалык потенциалын чындоо

Региондун табигый-климаттык шарттары мал багуу үчүн жагымдуу болуп саналат. Артыкчылыктуу тармактар боюнча өндүрүлгөн азыктардын көлөмдөрүнүн катышын талдоодо Нарын областынын экономикасын түзүүчү тармак болуп областтын этке болгон керектөөлөрдү олуттуу камсыз кылуучу мал багуу саналарын көрсөттү. Нарын областы жылкынын жана топоздун көбөйүшү боюнча лидер болуп саналат.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн сугат жерлеринин аянтын көбөйтүү үчүн жаңы суу сактагычтарды, каналдарды жана сугат тармактарына мамлекеттик, ошондой эле ири фермердик чарбалардын курулушу аркылуу жеке инвестицияларды тартуу зарыл. Андан тышкары, асыл тукум малдардын санын көбөйтүү жана сатуу рыногун кеңейтүү зарыл.

II  Мыйзам чыгаруучу блок

Кыргыз Республикасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө шарт түзүүчү жана реформаларды жүргүзүүгө өбөлгө түзүүчү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу максаты

III Көзөмөлдүк блок

Республиканы жана Нарын областын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын ишине көзөмөл, атап айтканда долбоорлорду жеринде өз убагында каржылоого көзөмөл жүргүзүү

Бизди колдоңуздар!

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)