Таза суу

Жети-Өгүз жана Тоң райондору боюнча 77 айыл бар. Анын ичинен 25 айылда таза суу жок, 36 айылда суу толук жетпейт. Баардык айылдарды таза суу менен камсыздоо эң негизги максатым.

Социалдык коргоо

Социалдык төлөмдөрдү (пенсия, жөлүк пул) баалардын өсүшүнө жараша өзгөртүп турушу керек.

Билим берүү

Мамлекетибизде эң жогорку айлык алган мамлекеттик кызматкер мугалим болуш керек.

Айыл чарба

Багбанчылыкта бир гектар жерден 1200000-150000 сом киреше табууга жетишүү.

Туризм

Туризм үчүн жеңилдетилген каржылоону киргизүү. Бүгүнкү 24% каржылоону 12%га түшүрүү.

Орто жана чакан ишкердик

Орто жана чакан ишканаларды колдоо максатында мамлекеттик буюртмалардын 20%ын орто жана чакан ишканаларга берүүгө аракет.

Саламаттыкты сактоо

Оорулууну дарылоо менен бирге, ооруларды алдын алууга багытталган иш чараларды күчөтүү.