Мамлекеттик бийлик  аткаруу, сот жана мыйзам чыгаруу бутактарынан турат. Ар ким өз иши менен алектенип, башкаларга кийлигишпеши керек. Шайлоочуларыма ачык айтам, депутат бала бакчаларды, мектептерди өзү курбайт, ал тийиштуу мыйзамдарды иштеп чыгып жана аткарылышын камсыз кылат. Кабыл алынган мыйзамдар карама-каршылыгы жок, так, туруктуу болуп жана жыл сайын өзгөрбөшү керек. Калганын эл өзү жасайт. Эң негизгиси алардын тынчын албаш керек.

Олкөнүн тургундары келечегин бирдей мүмкүнчүлүкто өз колдору менен курууга  шарт тузуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаты улуттук масштабда ойлонууга милдеттүү. Депутаттын алгачкы милдети- ишке жарамдуу мыйзамдарды иштеп чыгуу учун калктын бардык катмарларынын турмушун билүүсү зарыл. Мен билем, көптөгөн тармактарда абал абдан оор: экономикалык кырдаал тез жана эффективдүү чараларды талап кылат, энергетика тармагында чечилбеген көйгөйлөр көп, айыл чарбасында баары жакшы болбой жатат, дүйнөлүк кризис жана пандемия экономиканын төмөндөшүнө алып келди. Мунун баары карапайым кыргызстандыктардын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизүүдө.

Бир конкреттүү маселени чечип  баштоодон мурун, кандай мамлекетте жашагыбыз келеерин тушунуп, ошого жараша жалпы жоболорду аныкташыбыз керек. Башкача айтканда, тажрыйбалуу куруучу уйдун пайдубалын куруп баштаганга чейин, ал уйдун канча кабат, канча болмо болушун тактап алгандай, Жогорку Кенешке талапкер дагы шайлоочуларына мамлекеттин онугуу концепциясын сунушташ керек.  Адилеттуу мыйзамдар, ишкердикке шарт тузуу, ууру-кескилерди мыйзам чегинде жоопко тартуу – онугуу концепциясынын озогун тузот. Ошондо кана ишкерлер кирешесин жашыргандын ордуна салыктарды толук тологону пайдалуу болот.  Эн негизгиси, жаштардын социалдык жана кызматтык жактан осуусуно шарт тузулот.

Баардыгына бирдей мумкунчулукторду тузуу-  менин шайлоо алдындагы саясий платформамдын негизи. Социалдык обьектилерди, жолдорду, кичи ГЭСтерди куруу маселелери озубуздун шайлоочуларыбыздын кызыкчылыгында жасалса да, депутаттын негизги милдети – мамлекеттин кызыкчылыгына туура келген мыйзамдарды кабыл алуу.

 

 

Ысык-Көл облусундагы шайлоочуларымдын кызыкчылыктары мен учун приоритеттуу болот. Акыркы жылдардагы жагдайлардан улам туризм жаатындагы абалды туруктуу деп айтыш кыйын. Туризм тармагы киреше алып келип жатса да мурункудай туристтик агым жок. Ошондуктан ички туризмди онуктуруу, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден келген коноктордун санын кобойтууго багытталган мыйзамдарды иштеп чыгуу зарыл. Айыл чарба ондуруучулорду колдоо максатында айыл чарба ондурумун кайра иштетуу жаатында шарттарды тузуу жана логистика маселелерин чечуу – учурдун талабы экенин шайлоочулар озулору айтып жатышат.

Дагы бир жолу баса белгилеп айткым келет, депутат өз шайлоочуларынын ордуна иштебей, алардын кызыкчылыгы үчүн иштеши керек. Мамлекеттин жана ишкерлердин кызыкчылыктарын айкалыштырган мыйзамдарды иштеп чыгуу зарыл.

Менин шайлоо платформамдын жогоруда аталган тезистери шайлоочуларыма түшүнүктүү жана жакын деп ишенем. Бул принциптерди тутунуу менен иш алып барганга бел байладым. Алдыда дагы көптөгөн саясий талаш-тартыштар бар, атаандаштар менен күрөшүү оңой эмес, атаандаштардын арасында шайлоочуларга асмандын башын  убада кылуу аркылуу мандатка жетуу максаттары бар. Буга чейинки айрым депутаттар өлкөдөгү кырдаалды оңдобостон, тескерисинче, курчутуп жибергенин баарыбыз билебиз.

Ошондуктан эл Конституцияга өзгөртүү киргизүү аркылуу, президенттик республика үчүн добуш берди. Бирок мамлекеттик башкаруунун эффективдүү механизмин түзүү үчүн тиешелүү мыйзамдар керек, ал эми Жогорку Кеңеш аны жакшыртуунун үстүндө иштеши шарт. Башкача айтканда, Кыргызстандын жаңылануусунун ийгилиги, ар кыл бийлик бутактарынын жакшы координацияланган аракетинен, эл менен мамлекеттин биримдигинен көз каранды. Мен бул абалды тушунуп, депутаттыкка оз кандидатурамды сунуш кылам.