Сураналиев Талгат Чыныбекович

Мен, Сураналиев Талгат Чыныбекович, 1985-жылы 5-мартта Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында туулгам.
1992-2000-жылдары орто мектепте, 2001-2003-жылдары Д.Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейинде окугам.
Жогорку билимдүүмүн. 2014-жылы Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин "Дүйнөлүк экономика" адистигин бүтүрүп, экономист квалификациясына ээ болгом.
2013-2015-жылдары "СК Арсенал-Кыргызстан" ЖАКнун генералдык директорунун кенешчиси болуп эмгектенгем.
2010-жылдан азыркы убакытка чейин "Жаш Билек" жаштар саясий партиясынын төрагасымын.
Үй -бүлөлүүмүн, төрт баланын атасымын.