Шайлоо алдындагы программам: Биз ушул Элдин арасында аралашып жүрүп жүздөгөн адамдардын ар кандай кейиштүү тагдырларына күбө болуп, колумдан келген жардамымды берүүгө аракеттендим. Ошондон улам, менин программамдагы биринчи багыты бактылуу үй-бүлөөнүн пайдубалын бекемдөө, үй бүлөөнүн бузулушуна багытталган баардык басылмаларды, кино тасмаларды бөгөт коюп алып салуу менен ыймандуу үй-бүлөө түзүү идеалогиясын киргизүү, үй-бүлөө институтунун мыйзамдуулук негизин өркүндөтүү!

Балаа бакча, билим берүү мекемелерин, бейтапкана жана спорт объектерилин салууга мамлекеттик бюджеттен каржылануусун көбөйтүү жана белгиленген каражаттын толук түрдө аткарылышын көзөмөлдөгө болгон иш-аракетимди жумшайм. Ошондой эле мамлекет тарабынан мугалим, медицина кызматкерлери, спорт тренерлеринин, кесепетеринин макамын жогорулатуу, эмгек акыларын көтөрүү жана социалдык жардам колдоо көрсөтүлүүсу абзель.

Тоолорго, айылдарга жана экологиялык терс таасири бар аймактарга жаш көчөттөрдүү отургузууну колго алып «Жашыл Кыргызстан» мамлеккетик программасын иштеп чыгуу жана аны иш жүзүнө ашыруу.

Эл аралык уюмдардын божомолунда келерки он жылдын ичинде иче турган таза суунун камдыгы кескин түрдө азайып, суунун тартыштык кесепети болуусу күтүлүүдө. Мекенибиз мөнгүлоргө бай, ошол байлыкты сактап калуу үчүн “Суу өмүр булагы” программасын иштеп чыгуу. Тоодон агып түшкөн сууларды сугат иштери үчүн үнөмдүү пайдалануу максатында ар бир агын суунун нугуна гидрокурулмаларды куруу, сугаттын жаңы ыкмаларын колдонуу.

Айыл чарба кооперативдерин, асыл тукум, үрөн чарбаларын эффективдүү иштеши үчүн мамлекет тарабынан колдоо программаларын өркүндөтүү.

Республикадагы баардык жер тилкелерин кайрадан инвентаризация жасоо, жер тилкесин максатсыз пайдалануу аракеттерди кескин турдө токтотуу, катуу чара колдонуу, багбанчылык биримдиги туралуу жаңы мыйзам иштеп чыгуу, жарандардын жалпы энергиясын ресурстарын тартыштыгы, тамак-аш коопсуздугу боюнча ыкчам жана келерки чараларды кабыл алуу.