Башкы максатым: элге ак ниет кызмат кылуу!!!

Бийлик элдики! Анын курамын эл тандайт!

Жеке кызыкчылык үчүн бийликке ээлик кылуу. Элине кылган чыккыпчылык болуп эсептелет.

Андыктан менин мекениме болгон сүйүүм жана кызматым, баардык кызыкчылыктан алдыда турат!

Ал үчүн ант бергем, берген антымды аткарууга милдеттенем!

Мыйзам жазып кабыл алууда элдин ой-пикирип угуп. Социалдык сурамжылоо жүргүзүп андан кийин гана мыйзамды кабыл алуу керек: м.а.х

  1. Кыргызстандагы коррупция системасына атайын көп жылдык стратегия түзүү:

А) мамлекет тарабынан коррупцияга каршы системалуу долбоор түзүү. Аны ишке ашырууда бир адам менен эмес, коррупция схемасына катыштыгы бар топко атайын иликтөөнүн негизинде чара көрүү;

Б)коррупциянын кесепетинен келтирилген чыгымдар толугу менен мамлекеттин казынасына кайтарылуусу камсыздоо;

В) келтирилген чыгымдын көлөмүнө жараша жазаларды корүү үчүн мыйзамга толуктоолорду киргизүү. (мулкун конфискациялоо, мамлекеттик кызматка өзүн жана жакындарын келтирбөө үчүн атайын кара тизмеге алуу. Оор жумуштарга белгилүү мөөнөттөргө тартуу.ж.б)