Ажырашуу мөөнөтүн 3 жылдан 5 жылга чейин узартуу жана реабилитациялоо институтун ачуу;
Ажырашкандан кийин ата-эненин жоопкерчилигин тең укукта көбөйтүү (18 жашка чейин);
Ажырашкандан кийин баланын тарбиясында ата-энени бирдей милдеттендирүү (баланы тарбиялоодо убакыт саатты мыйзам чегинде бирдей бөлүштүрүү) жана материалдык камсыздоого ата-эне бирдей милдеттүү (18 жашка чейин);
Люстрация, жаңылануунун эң негизги критерии үй-булөгө, балага болгон жоопкерчилик. Жетектөөчү кызматкерлерди тандоодо эң негизги талаптардын бири болуп үй-бүлөнүн туруктуулугу каралсын. Үй-бүлөсүн ойлогон жетекчи калың элдин көйгөйүн жана жоопкерчилигин тарта алат.
Балага билим берүү кадамдарын жакшыртууга мүмкүнчүлүктөрүн түзүп берүү.
Мектепке чейинки билим алууга баардык жарандарга тең укуктуулукту түзүү, үй бүлөлүк шартка карабастан;
Ыйман сабагын 5-класстан баштап милдеттүү түрдө кайрадан мектеп программасына киргизүү;
Күнүмдүк алган предметтик сабактарды жашоо практикасы менен айкалыштыруу;
Балага өзү каалаган окуу предметин тандоо укугун 9-класстан баштап берүү;
Окуу процессинде активдүү жарандардын иш тажрыйбасы менен бөлүшүүгө үндөө;
Мектептин билим берүү программасында балага баштапкы кесип берүү (9-11 класстардын базасында);
Жаш өспүрүмдөрдүн укугун коргоодо биринчи ирээт пробация (реабилитациялоо) системасын милдеттүү түрдө колдонуу, үй-бүлөлүк шартына карабастан.
Райондордун, айыл өкмөтүнүн финансылык акыбалын жакшыртуу.
Айыл өкмөттөрүнун базасында муниципалдык чарбаларды түзүү, мал чарбачылыгын, багбанчылыкты жана тегирмендерди жаңы заманбап техникаларын колдонуу менен ишке киргизүү;
Дотациядан чыгуу, өзүн-өзү камсыз кылуу.
Транспортту өнүктүрүү.
Жол коопсуздугун өнүктүрүү;
Мамлекеттик стационардык ремонттоо пунктарын бардык шарттары менен ачуу;
Электротранспортко тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү.
Газдаштыруу.
Газдаштыруу долбоорун эртелетүү, тоскоолдуктарды чечүү жана ошондой эле тиешелүү мыйзамдарды, толуктоолорду иштеп чыгуу.