Мамытова Назгуль Туратбековна

Мен Мамытова Назгуль Туратбековна 1985-жылы Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районуна караштуу Кожояр айылында туулгам. 1992-жылы Кожояр орто мектебине 1-класстын босогосун аттап,  2003-жылы 11-класты аяктагам.

Билимим жогорку: 2006-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, 2012-жылы аяктап, тарых мугалими адистигине ээ болгом.

Үй бүлөм бар, бир кыз, бир уулдун энесимин.

Иш тажрыйбам: 2006-жылдан баштап  журналистика тармагында эмгектенип келем. “Ачык саясат”, “Алиби”, “Назар” гезиттеринде башкы редактор, редактордун орунбасары, кабарчылык кызматтарда иштедим. Азыркы учурда “Ачык саясат плюс” коомдук-саясий жана укуктук гезитинде башкы редактор болуп иштейм. КРнын Жогорку Кеңешинин шайлоосуна катышып жатканыма байланыштуу кызматымды убактылуу токтоттум.

2012-жылы Ысык-Көл районуна караштуу Семёнов айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайлангам.