Урматтуу Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын, Көк-Мойнок айыл аймагынын тургундары!
Мен Мамытова Назгуль Туратбековна №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп чыктым. Бюллетенде катар (номерим) №2.
Өзүм тууралуу кыскача билдирүү калтырып кетейин. Мен 1985-жылы Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районуна караштуу Кожояр айылында туулгам. 1992-жылы Кожояр орто мектебинде 1-класстын босогосун аттап, 2003-жылы 11-классты аяктагам.
Билимим жогорку: 2006-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, 2012-жылы аяктап, тарых мугалими адистигине ээ болгом.
Үй бүлөм бар, бир кыз, бир уулдун энесимин.
Иш тажрыйбам: 2007-жылдан баштап журналистика тармагында эмгектенип келем. “Кыргыз караван”, “Ачык саясат”, “Алиби”, “Назар” коомдук-саясий гезиттеринде кабарчы, саясий баяндамачы, жооптуу редактор, редактордун орунбасары, башкы редактор кызматтарында иштедим. 2011-жылы “Ачык саясат плюс” коомдук-саясий жана укуктук гезитин негиздегем жана жетектеп келем. КРнын Жогорку Кеңешинин шайлоосуна катышып жатканыма байланыштуу, кызматымды убактылуу токтоттум.
2012-жылы Ысык-Көл районуна караштуу Семёнов айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайлангам. Коомдук-саясий иштерге активдүү катышып келем. Тилегим – кыргыз элине кызмат кылуу! Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу! Ар бир жарандын эркин ой-жүгүртүп, эркин жашашына шарт түзүү жана элге керектүү мыкты мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу.
Менин урааным – Түшүнүк менен эмес, мыйзам менен жашайбыз!
Менин приоритеттүү максатым:
– Жарандарыбыздын бакубат жашоосун камсыздоочу мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө...
-Карапайым элдин укугун коргоо жана адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту орнотуу.
-Демократиянын баалуулуктарын сактоо жана сөз эркиндигин коргоо.
– Бюджеттик каражаттардын ачык-айкын, жеткиликтүү жана рационалдуу пайдаланууну камсыздоо.
– Таза суу маселесине байланыштуу көйгөйлөрдү жакынкы жылдары өкмөттүк программанын алкагында толук кандуу чечүүнү колго алуу.
– Ысык-Көл биосфералык аймагын коргоо жана туризимди өнүктүрүү. Атайын программа иштеп чыгуу.
-Ысык-Көдүн жээгиндеги эс алуучу жайларды, ден соолукту чыңдоочу борборлорду чет өлкөнүн жарандарына берүүгө тыюу салуучу жоболорду иштеп чыгуу. Бул боюнча мыйзам долбоорун даярдоо.
-Ысык-Көл областындагы мыйзамсыз, коррупциялык жол менен берилип кеткен жер тилкелерин кайрадан инвентаризация жасап, мамлекетке кайтаруу.
- Жеке менчикке кол тийбестик жана ага мамлекеттин кепилдиги.
– Кадр саясатында билимдүү жаштарга басым жасоо менен конкурс аркылуу ишке алуу механизмин жолго коюу...
– “Сапаттуу билим берүү жана сапаттуу кадр” программасын ишке ашыруу...
- Сөз эркиндигин коргоо жана өнүктүрүү.
- Адам укугун сактоо жана коргоо.
Тилегим – кыргыз элине жана кыргызстандыктарга кызмат кылуу!