Мен Кыргыз Республикасьшын жараны катары үч нерсенин өнүгүшүнө макулмун:

-Коомдогу гумандуулук процесстерге;

-Жеке менчиктин ыйыктыгы жана ишкердик демилгени коргоого;

-Сөз эркиндигине, ой жүгүртүү эркиндигине.

Мен Кыргыз Республикасынын жараны катары үч нерсенин жоюлушуна макулмун:

- Бюрократия жана коррупция;

- Социалдык теңсиздик;

- Экономика жана бизнестеги монополия.

Эң башкы байлык бул Эл! Элет өнүксө-Эл өнүгөт! Эң баштапкы максатым» Ысык-Көл районундагы калк менен кандай кырдаал болбосун бирге болуу, пикирлешүү» кандайдыр бир чечимдерди бирге кабыл аяуу. Айыл, шаар турмушунун бардык чөйрөсүнө кам керуу, ага салым кошуу менян атуулдук милдетим дед эсептейм. Андыктан төмөнкү багыттар боюнча иштиктүү программаны сунуш кылам:

-     Өнөкөт ооруга чалдыккан (гипертония, богок, кант диабети, бөйрөк оорулары) жарандарга медициналык кызмат көрсөтүүнү  күчөтүү жана медициналык кызмат көрсөтүүнүнү, дары-дармектердин баасын аныктоодогу ачыктыкты жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Фармкомпаниялардын жоопкерчилигин күчөтүү.

- Билим берүү жана маданият тармагында, жаш жеткинчектердин мамлекеттик жана жеке менчик билиим берүү мекемелеринде билим алууну тандоо эркиндигин, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайылтылышында укуктук базаны карап чыгуу.

 - Сырттан окуп бүтүргөн предметтик мугалимдердин квалификасиясын дыкат текшерүүнү мамлекеттик органдар аркылуу ишке ашыруу.

- Билим берүү жана илим-техникага байланышкан бизнес чөйрөсүн салыктан бошотуу.

- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын мамлекеттик орто окуу жайларына жана жогорку окуу жайларына кирүүгө квота берилишине жетиштүү.

 - Муниципалдык, айылдык имарат жана курулуштарды рационалдуу, эффективдүү пайдалануу жана билим берүү, маданият, спорт мекемелерине артыкчылык катары бреүүнү сунуштоо.