Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына

№ 27 бир мандаттуу Биринчи Май шайлоо округу боюнча талапкер

Сыдыков Урматбек Мукамбетжусуповичтин

Ө М Ү Р    Б А Я Н Ы.

        Мен, Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович, 1 март 1974 жылы Нарын облусуна караштуу, Ак-Талаа районунун, Баетов (мурунку аты Дөрбөлжүн) айылында туулгам, улутум кыргыз, үй бүлөөлүмүн – эки баланын атасымын, мурда соттолгон эмесмин, билимим жогорку.

        2005 – 2011 ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу, Кыргыз мамлекеттик юридика Академиясын, юриспруденция кесиби боюнча окугам.

        1981 – 1987 ж.ж. - Нарын (азыркы Жалал-Абад облусу) облусуна караштуу, Тогуз-Торо районунун, “Макмал” атындагы орто мектеби.

        1987 – 1991 ж.ж. - Нарын облусунун, Ак-Талаа районунун,  “Ломоносов” атындагы орто мектеби.

        1992 – 1994 ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкери.

        1996 – 1998 ж.ж. - “Бета-Кыргызстан” чет өлкөлүк фирмасынын күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары.

        1999 – 2000 ж.ж. - “Кыргыз-алтын” ЖАКна караштуу “Макмал-алтын” ишканасынын Ведомстволук аскерлештирилген күзөт кызматынын атайын даярдоо боюнча ага инструктор, андан соң кызматты уюштуруу жана өрткө каршы даярдык көрүү боюнча инструктор.

        2002 – 2007 ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министирлигинин Курулуш жана аскерлерди жайгаштыруу башкармалыгына караштуу, Бишкек гарнизонунун үй башкармалыгынын техниги, снабжениянын агенти, башкы инженер, башчынын милдетин убактылуу аткаруучу.

        2007 – 2010 ж.ж. - “Тараз-Талас-Суусамыр” автожолун реабилитацилоо боюнча Башкы подрядчик - “Кайаоглу-Ерташ” ЖЧКнун сапатты тескөөчү инженер жана сатып алуу боюнча менеджер.

        2010 – 2012 ж.ж. – адвокаттын жардамчысы.

        2012 – 2019 ж.ж. – жеке адвокат.

        2019 жылдын октябрь айынан баштап азыркы күнгө чейин “Жеңиш” адвокатар Коллегиясынын төрагасынын орун басары.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)