Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер

Сыдыков Урматбек Мукамбетжусуповичтин

шайлоо алдындагы программасы.

Мен, Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович, 47 жаштамын, ушул убакытка чейин тоо-кең, коммуналдык чарба, жол тармагында иштедим, ал эми азыркы маалда адвокаттык ишмердүүлүк менен эмгектенип келем.

Акыл жана тажрыйба көптөгөн жылдар менен келет экен.

Өз ишмердүүлүк тажрыйбамда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болдум, себеби биздин көптөгөн мыйзамдарыбыз иштебейт, иштесе да коомчулука тескери иштейт. Бул маселенин чечүүгө бир гана жол бар, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ревизия кылып чыгып, өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип жана анын аткарылышын так көзөмөлдөш керек. Мен мыйзамдар менен практика жүзүндө тыкыс иштеген адам катары, мыйзамдардын мүчүлүштүктөрүн жакшы билем жана анын кайсыл жерде экени мага белгилүү.

Депутат – бул Элдин өкүлү жана Коомдун арыз-муунун бийликке жеткирип, о.э. анын чечилишине көмөк көрсөтүүчү адам. Депутаттын эң негизги милдети болуп мызам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө болуп эсептелет. Кээ бир адамдар депутат деген жол, көпүрө, мектеп, балдар бакча салып бериш керек деп ойлошот, бирок бул жаңылыштык деп ойлоймун, себеби аны аткаруучу бийлик өкүлдөрү жасаш керек. Ал эми депутат ошол иштерди жасоого көмөк көрсөтүп, чара көрүш керек. Азыркы күндө коомубуздун басымдуу бөлүгү сабатсыз, билимсиз, ишсиз жана башка, бирок Элди туура түшүнөм, себеби баардык кыйынчылыктарды өз башыман өткөрүп келем жана ичинен жакшы билем.

Жогорку Кеңеште өзүмдү кандай көрөм:

  • Мамлекетибиздин мыйзамдарын башка мыйзамдар менен келишпестик жагын ревизиялап чыгыш керек.
  • Демилге көтөрүү менен бир катар мыйзамдарга (конституциялык мыйзамдар, кодекстер, жөнөкөй мыйзамдар ж.б.у.с.) өзгөртүү жана толуктоолорду киризиш керек.
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так аткарылышы боюнча тыкыр көзөмөл жүргүзүш керек.
  • Жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушуга Коомдук кабыл алуу иш чараларын өткөрөм жана жергиликтүү бийлик жайгашкан имараттарда жарандарды кабыл алуу үчүн офистерди ачам.
  • Борборубуздун Биринчи Май районунун бийлик өкүлдөрү менен бирге Элибиздин арыз-муунун чечүүгө катышып, өз салымымды жигердүү кошом.

Мен деле кооз сөз жана ар кайсыл терминдер менен сүйлөгөндү жакшы билем, бирок карапайым Элге жөнөкөй, жеткириликтүү кара сөз менен иш алып баруу – бул замандын талабы!

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)