Абдыкадыр уулу Бектур

Абдыкадыр уулу Бектур  1991-жылы, 29-апрелде

 Нарын областынын, Ат-Башы районунун,  Калинин айылында туулган.

Атасы Кожогелдиев Абдыкадыр. Кесиби боюнча мал доктур болуп, СССР учурунда колхоздун үй фермасын башкарган. Эгемендик жылдарда Абдыкадыр аксакал айылдын имамы болуп, 12 жыл эмгектенип, ал жылдар аралыгында айылга жаңы мечит курулуп, медресе да ачылган. Андан соң айылдык аксакалдар сотунун төрагасы да болуп, айылдын кадырман карысы болгон. Өз кезегинде Абдыкадыр аксакал саяпкерлик өнөр менен да алектенип, далай күлүк, жорголорду таптаган.

Апасы Ботбаева Шайгүл Асановна өз кезегинде Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда жогорку билим алган. Өз кесиби менен орто мектепте үзүрлүү эмгектенип, 24 жыл бою окуучуларга чет тил сабагынан билим берген.

Бектур 7 бир туугандын алтынчысы. Төрт агасы, эжеси жана карындашы бар.

Учурда жубайы Ширин экөө  5 уулду  тарбиялап өстүрүп келишет. Келинчеги Ширин  Кесиби бухгалтер.

 Бектур Абдыкадыр уулунун билими жогорку. 2014- жылы  М.Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетин юридикалык жаатта аяктаган. Адистиги: юрист.

Эмгек жолун 2010-жылы дыйкан чарбага  мүчө болуу менен баштаган Бектур Абдыкадыр уулу 2015- 2020 –жылдарда  «Жамияти Ассалам Лил Аль Амаал Аль Инсаният Вал Хайрия» коомдук кайрымдуулук фондунда юрист, ошол эле 2015- жылдан тарта  «Чи Бо Трейд»     ЖЧКсынын башкы директору болуу менен улап келет.

Ишмердүүлүгүн өлкө ичинде гана эмес эл аралык алкакта да жүргүзгөндүктөн Кыргыз, Орус, Араб тилдеринде эркин сүйлөй билет.

Коомдук ишмердүүлүктө да жигердүү аракеттенген Бектур мырза "Теӊир Тоо" Футбол сүйүүчүлөр лигасынын башкы демөөрчүсү.

2009-жылы «Керек KG» Коомдук бирикмесин негиздеген.

2011-жылы «Кыргызстан Жаштар парламенти 2011» долбоорунун катышуучусу, 2012-жылы Москва шаарында өткөн «Шериктеш жаштардын күнү» долбоорунун катышуучусу. 2018-жылдан тарта «Айыл Ынтымак Кенбил» Коомдук фондунун директору

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)