Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасы 30 жылдык эгемендүүлүк тарыхында көптөгөн орчундуу маселелер менен бирге өзүнүн ордун табуу жолунда социалдык жана экономикалык каатчылык менен күрөшүп келет.

Өлкөбүздүн экономикалык абалын оңдоо менен бирге элдин ар-түрдүү катмарынын көйгөйлөрүн түшүнө билүү жана чечүү биздин бирден-бир милдетибиз жана максатыбыз.

Ошол себептен төмөндөгү социалдык жана экономикалык программаларды ишке ашыруу менин максатым.

  1. Билим берүү менен бирге тарбия берүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүү.
  2. Экология маселелерин чечүү менен бирге жаратылыш жана айлана-чөйрөгө болгон мамилени өзгөртүү.
  3. Жергиликтүү бийликтердин элдин талабын аткарууга заманга ылайык механизмдерди киргизүү жана ишке ашыруу.
  4. Салык жана социалдык фонддун отчётторун тапшырууну жөнөкөйлөштүрүү.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)