Капаров Чынгыз Капарович

  Капаров Чыңгыз Капарович, 1984-жылы 27-августта Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Шоро айылында карапайым үй-бүлөдө төрөлгөн. 1991-жылы Садыкказы Мамбетов атындагы  жергиликтүү орто мектебине тапшырган. 2001-жылы ал мектепти аяктаган соң, жогорку билимдин ээси болуу максатын көздөп  Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинде (КМКТА) Жол кыймылынын коопсуздугун башкаруу багыты боюнча транспортту башкарууну уюштуруу адистигин алууга жетишкен.

Эмгек жолун 2004-жылы «Жайсэл» ЖЧКсында жетектөөчү адис болуп иштөө менен баштаган. Кийинчерээк мекендештеринин коомдук-саясий турмушуна активдүү катышып, өзүн жаш активист катары көрсөтүп, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы болуп иштей баштаган. Ал жерде бир канча убакыт иштеп, тажрыйба топтогондон кийин жаштардын көйгөйлөрүн саясий өңүттө изилдеп, бул көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун издөө үчүн жаштардан турган топторду, кыймылдарды уюштуруу жана жайылтуу менен алектенген. Ошондой эле максатты көздөп “Буткул Жаштар Саясий Партиясында” партиянын лидери катары иш алып барып турган.

 Экинчи жогорку билим алуу үчүн Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясына (КМЮА) тапшырып, аны да 2019-жылы “Жарандык укук (юриспруденция)” багыты боюнча ийгиликтүү аяктаган,.

Ал ортодо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш Башкармалыгында экономикалык бөлүмүндө экономист болуп иштөөгө жетишкен.

Бүгүнкү күндө  Кыргызстандын бүткүл эли үчүн чечилүүсү маанилүү болгон көйгөйлөргө мекендештеринин көңүлүн буруп,  өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна активдүү катышууну улантып келет.