Коомдун социалдык жана саясий кызыкчылыктары.

Тарыхты билбей келечекти аныктоо мүмкүн эмес. Акыркы жылдары өлкөбүз башынан өткөргөн ар кандай маанайдагы  окуялар бизден аларды терең түшүнүүнү, чынчыл болуп, адекваттуу баа берүүнү талап кылат. Кандай гана  күндор башыбыздан өтпосүн, ар кыл коз-караштарга жана пикирлерге карабай алга карай жылышыбыз керек.

     Тарыхты алдын-ала белгилеп болбостугун биз жакшы билебиз. Бирок мен ишеничтүү түрдө айта алам, биз өнүгүү жолуна түшкөн өлкөбүз жана бизди жаркын келечек күтүп турат.

Жогорудагыдай көз караш бүгүнкү күндө менде гана эмес, келечектеги коомдук-саясий турмушта жаңы өзгөрүүлөргө даяр турган мекендештеримдин басымдуу бөлүгүндө да калыптанганына терең ишенем.

Шайлоо 2021. Мен укуктук тармактарда келечекте бир катар артыкчылыктарды бере турган өзгөртүүлөрдү сунуштайм:

- Чыныгы компетенттүү адамдар, чыныгы кесипкөйлөр, жаштар, мамлекеттик кызматкерлер жана башка көптөгөн жарандар КР ЖК депутаты катары өздөрүнүн потенциалын каржылык ресурстарынан көз карандысыз эле ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүно ээ боло турган шайлоо системасын;

 - Тилекке каршы, билим берүү системасында да кемчиликтер жетиштуу, алар абитуриенттерди жана студенттерди элективдүү курстарды пайдалануу укугунан ажыратып келет, ошол себептен алар кесиптик багыт берүү жагынан толук кандуу  камсыз боло алышпайт. Келечекте окуу жайларда алардын ар бири өз кызыкчылыктарына, шыгына жараша  туура багытта билим алуусун камсыздай турган мыйзамдарды сунуштайм;

-Жеке ишкердик жана бизнес дүйнөсүндө биздин ишке жарамдуу жарандардын, өзгөчө жаштардын басымдуу бөлүгү бар, алардын жумушчу күчү чоң мааниге ээ, бирок мамлекет тарабынан социалдык камсыздоо жаатында сиңирген эмгеги тийиштүү денгээлде бааланбайт. Тиешелүү уюм, мекемелердин, ишканалардын киреше жана чыгаша булактарын айкындоо колго алынат. Демек, салык системасынын да ачык-айкындуулугун камсыз кылууга  мүмкүн болот. Анткени бул маселелер бири-бирине тике же кыйыр таасирин  сөзсүз түрдө тийгизет;

- Өлкөдө бүгүнкү күндө эмиграция абдан күч алгандыгына жана биздин жарандарыбыз башка өлкөлөрдө оор шарттарда иштөөгө мажбур болгондугуна байланыштуу келечекте дени сак муунду өлкө ичинде сактай албай калуу коркунучу жаралагандыгы баарыбызга маалым. Мындай маселени алдын алуу максатында эмиграциялык агымды азайтуу маанилүү. Ошол себептен белгилүү жаш куракка жетмейинче жигиттердин жана кыздардын мекенин калтырып чыгып кетүүсүнө чектөөлөрдү киргизүү зарыл.

Ушул жана башка сунуштар боюнча түзүлгөн пландар жана аныкталган иш-чаралар бар, аларды мен чечкиндүү түрдө ишке ашырууга ниеттенип жатамын. Бул мүмкүнчүлүктөрдүн пайда кылуу- реалдуу иш.

Мамлекеттин негизги көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды жоюунун приоритеттүү багыттары.

-Мамлекеттик түзүмдөрдөгү реформалар жана коррупцияга каршы күрөш:

Бүгүнкү күндө коомубуздун эң оор маселелеринин бири – ар кандай коррупциялык схемалардын күчөшү. Бул жагынан алганда, бул маселени чечүү үчүн көп убакыт жана күч талап кылынарын моюнга алуу керек. Бирок аны жоюу үчүн биргелешип аракет кылып, ошол эле учурда өзүбүз да чынчыл болсок, анда процессти тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Төмөнкүлөрдү камтыган бардык стратегиялык иш-аракеттерди эске алуу маанилүү:

*Коррупциялык схемаларга аралашкан адамдардын мүлкүн конфискациялоону күчөтүү;

*Бийликте жогорку кызматтарды ээлеген адамдардын кирешелерине жана чыгашаларына катуу контролду камсыз кылуу;

 *Өлкөнүн бардык аймактарын санариптештирүү менен камтууга жетишүү, маалыматтык жана социалдык камсыздоо системасын жөнөкөйлөштүрүү жана социалдык кызматкерлердин жумушун жеңилдетүү.

-Мамлекеттин өнүгүүсу көп жагынан социалдык-экономикалык чөйрөнүн өнүгүшүнөн көз каранды.

            *Калкыбыздын 74%ы дыйканчылык менен алектенип, жан багышат. Ошондуктан биз айыл, суу чарба тармагына көңүл бурушубуз керек, жерди, сууну, жайытты, малды туура пайдалансак, өндүрүлгөн азык-түлүктүн 40 пайызын үнөмдөп, 60 пайызын экспорттой алабыз;

*Мындан сырткары кадр саясатын туура жүргүзүү зарыл. Бул максатка жетүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын, кадрларды даярдоо, кайра даярдоо курстарын ж.б.у.с. иштеп чыгуу шарт;

            *Дары-дармектерди сатуу, лабораториялар жана азык-түлүк коопсуздугу толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө болуусун камсыздаган мыйзамдардын кабыл алынуусу абзел.

            *Кыргызстандыктардын жашоосунда маанилүү ролду ойногон ветеринария тармагына көңүл буруу зарыл, анткени оорулардын 60% адамга жаныбарлардан жана жаныбарлардан алынган азыктардан жугат.

            * 2010-жылдан бери тендерге катышкан бардык ишканаларды анализдеп, мектеп, стадион, таза суу, жол куруу жана башка мамлекеттик объектилердин курулушуна толук баа берүү мыйзамга ылайык болуусун тескеп туруу абдан маанилүү .

*Ар бир жаранды мыйзам чегинде жашоого, аны урматтоого, сактоого  чакыруу менен так жана туура багыт беришибиз керек.

Менин алдыга койгон максаттарым мен үчүн абдан маанилүү жана иш планымдын аткарылышына болгон күч-аракетимди жумшайм. Мекендештеримдин  коопсуз жана адилет өлкөдө жашоосу үчүн анык иштей турган мыйзамдардын кабыл алынуусун камсыз кылуу – эң башкы милдетим деп билем.

Урматым менен, сиздердин Чыңгыз Капаров.