Нурдинов Бейшеналы

Өмүр баян

Мен, Нурдинов Бейшеналы  1960-жылдын 22-декабрында Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында  төрөлгөм. 1968-жылы Кара-Суу орто мектебине кирип, 1978-жылы бүтүргөм. Мектепти аяктагандан кийин 1979-жылдын соңуна чейин Нарындагы облустук биргелешкен ооруканасында электрик катары иштегем.

1978-1981-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөм.

1981-1987-жж. аралыгында Фрунзеде  К. И. Скрябин атындагы Айыл-чарба институтунун механизация факультетин бутүрүп, инженер механик адистигине ээ болгом.

1987-жылдан 2020-жылга чейин өзүмдүн адистигим менен жана жеке ишкерлик менен алектенип, ЖЧК, АКда  (ОсОО, АО) жетекчилик кызматтарда иштедим.

2020-жылдын 10-июнунан баштап Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп, 2021-жылдын 15-мартында ЖКда “Кыргызстан” фракциясынын лидери болдум. 

Үй-бүлөөлүмүн. Жубайым Касымбекова Айнура Нурдиновна 1967-жылы төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Үй кызматында. Беш кыз, бир уулубуз бар.

2002-жылы Президенттин Ардак грамотасы жана 2021-жылы ЖКнын Ардак грамотасы менен сыйлангам.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)