КР ЖК депутатынын кызмат ордуна талапкердин программасы 

Депутат болуп шайлансам, төмөнкү маселелерди көтөрөм:

  1. Экономикалык реформаларды жасоо үчүн жаңы мыйзамдарды чыгаруу жана иштеп жаткан мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, азыркы жашоого ылайык келтирүү; 
  1. Жеке ишкерлерди колдоо: салыктарды карап чыгып, алардын түрүн азайтуу, пайда алуу үчүн жеке ишкерлерге мөөнөт берүү жана салыктан бошотуу; 
  1. Миграцияда жүргөн мигранттар үчүн өз өлкөсүндө иш жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн мыйзам даярдоо; 
  1. Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн шарт түзүү:
    • Аз пайыздуу насыяларды берүү жолдорун жакшыртуу;
    • Элди малдын асыл тукум пародалары менен камсыздоо;
    • Жайыт мыйзамына өзгөртүү киргизүү;
    • Дыйкандардын суу тартыштыгына түзүлгөн оор шарттарын оңдоо үчүн иш жүргүзүү;
    • Сыртка сатылган суулардын баасын карап чыгуу. Суу - бул газ нефть сыяктуу бааланып, татыктуу баада сатылышы шарт. Себеби чеги жок, пайдасыз чет өлкөгө кетип жаткан сууларды максаттуу үчүн мыйзам иштеп чыгуу.
    • Суу жыл өткөн сайын азаюда. Ошондуктан айыл жериндеги БСР, БДРлерди оңдоп-түзөп иштетүү зарыл;
    • Советтер Союзу мезгилиндеги кудуктардын санын тактап, кайра иштетүүнү карап чыгып, жергиликтүү башкаруу бийлиги аркылуу КРдин Министрлер кабинетинен каражат бөлдүрүү керек;
  1. Экологияны жакшыртуу:
    • Борборду ыштан, түтүндөн арылтуу;
    • Шаардын жашылдандыруу программасын жакшыртуу;
    • Элди электромобилдерге өткөрүүгө шарт түзүү;
    • Шаардагы коомдук транспортторду газ менен иштетүү талабы менен менчикке сатуу. Бул кадам аркылуу транспортко кеткен каражат үнөмдөлөт жана бюджетке кошумча салык түшөт.
  1. Тоо-кендерди жана мунайзатты өндүрүү:

6.1 Тышка чыгып жаткан концентрат, рудаларды жөнгө салуу;

6.2 Тоо-кен ишканаларынын ишмердүүлүгүн карап чыгып, санын тактоо жана уруксат кагаздарын текшерүү;

6.3 Кыргыз мунайзат ишканаларынын иштерин текшерип, санын, өлкөгө түшкөн пайдасын тактоо;

6.4 “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ишин жакшыртуу үчүн шарт түзүп, мыйзамга өзгөртүү киргизүү;

  1. Социалдык чөйрө жана саламаттыкты сактоо:

              7.1 КРде төрөлгөн балдарга ата-энесинин жашоо-шартына карабай  айына 1500-2000 сомдон төлөө керек. Кийинки муун мамлекеттин келечеги экендигин унутпашыбыз зарыл. Ден соолугу чың коом-күчтүү мамлекет.

             7.2 Мугалимдердин, бала бакчада иштеген тарбиячылардын айлык-маянасын эки эсеге көбөйтүү;

   7.3 Медицина кызматкерлеринин билимине, тажрыйбасына жана эмгегине жараша татыктуу эмгек акы менен камсыз кылуу;

   7.4 Жаңы техникалык жабдыктар менен камсыздалган заманбап ооруканаларды куруу;

  1.   Мен өзүм шайлоого бара жаткан Биринчи май районунун атын Турдакун Усубалиевдин атына өзгөртүүнү өз мезгилинде ЖКга сунуштагам. Бул сунушту колдоого Шаардык кеңештин депуттарын дагы чакырам. 

     (Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)