Нурматов Темирбек Асанович

ӨМҮР БАЯН

Нурматов Темирбек Асанович 1978-жылы 11-октябрда Нарын областынын, Ат-Башы районунун, Ат-Башы айылында туулган. Үй-бүлөлүү.

1995-жылы Ат-Башы айылында орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Кыргызстан Эл аралык университетинин Дипломатия жана эл аралык укук факультетине тапшырган.

2000-жылы КЭУну аяктап, 2002-жылы ошол эле университеттин магистр даражасын алган. 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын «Юриспруденция» боюнча магистр даражасын аяктаган.

2010-жылы юридика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн диссертациясын коргогон. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен «Юриспруденция» адистиги боюнча доцент илимий наамы ыйгарылган.

2012-жылы адвокаттык ишмердүүлүккө лицензия алган. Ошол жылдан тартып Кыргызстандын Адвокаттар коллегиясынын мүчөсү.

2001-жылдан 2004-жылга чейин Бишкек мамлекеттик экономика жана коммерция институтунда атайын юридикалык дисциплиналар кафедрасында окутуучу болуп иштеген.

2003-жылдан 2008-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында окутуучу, директордун орун басары кызматтарында иштеген.

2008-жылдан 2011-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу судьяларды окутуу борборунун жетектөөчү адиси жана бөлүм башчысы болуп эмгектенген.

2011-жылдын 18-апрелинен 14-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты болуп иштеген.

2011-жылдын 12-июлунан 2012-жылдын 21-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында эксперт болуп иштеген.

2010-жылдан 2014-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Юриспруденция» кафедрасынын доценти болуп иштеген.

2015-жылдын 26-январынан 2016-жылдын 22-январына чейин Бишкек шаардык кеңешинин укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүндө адис болуп иштеген.

2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын Эл аралык мамилелер жана укук кафедрасында доцент болуп эмгектенет.

Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси.

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын, Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өткөөл мезгилдин Президенти кызматы үчүн расмий ыраазычылык алган.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Россия, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда лекцияларды окуп, илимий-практикалык иш-чараларга катышкан.

Мыйзамдык актыларды, мыйзам долбоорлорун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун даярдоого катышкан.

Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйт, англис жана француз тилдеринде сөздүк мене иш алпарат.

Хоббиси: китеп окуу.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)