Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер НУРМАТОВ ТЕМИРБЕК АСАНОВИЧТИН

«ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ» шайлоо программасы

юридика илимдеринин кандидаты, доцент

Кыргызстандын азыркы Конституциясын иштеп чыгуу боюнча Конституциялык кеңешменин катышуучусу

Бишкек шаарынын Биринчи Май району борборубуздун жүрөгү! Биз бирге ийгиликке жетебиз! Шаарыбыздын келечеги сиздин тандооңуздан көз каранды! Өз ишин билген жаңы муундагы, акылдуу, татыктуу адистерди тандоого убакыт келди! Элден чыккан талапкер Темирбек Нурматов!

Максат – Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда калктын бакубаттуулугун өнүктүрүү жана камсыз кылуу боюнча мыйзамдардын жана мамлекеттик программалардын кабыл алынышына жетишүү үчүн шайлоочулар менен бирге иш алып баруу.

Бишкек шаарынын Биринчи Май району мамлекеттин жүрөгү катары республиканын өнүгүүсүнүн локомотивине айланышы керек. Бишкек шаары, анын ичинде Биринчи Май району - анын администрациялык райондору - республиканын Борбору статусуна ылайык келүүгө тийиш. Өлкөнүн финансылык, экономикалык, маданий борбору катары ал заманбап талаптарды эске алуу менен өнүгүүсү зарыл.

Менин шайлоо платформамда биринчи кезекте муниципалдык мыйзамдарды 2021-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясына ылайык келтирүү, ошондой эле “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамды кайра карап чыгуу жана жаңылоо сунушталат. Бишкек шаарынын Биринчи Май району (жана бүтүндөй Бишкек шаары) социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча өзгөчө статуска ээ болушу абзел. Бул үчүн мыйзамдык базаны даярдоо маанилүү.

Бишкек шаарынын Биринчи Май районун мыйзамдар жана өнүктүрүү программалары менен камсыздоо боюнча негизги иш-чаралар:

Негизги иш-чаралар

Мыйзам долбоорлорунун, программалардын кыскача мазмуну

Социалдык коргоо

 

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун тургундарына жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөр жана жашоого керектүү дары-дармектер менен даректүү жардам көрсөтүү (пенсионерлер, майыптар, көп балалуу үй-бүлөлөр, студенттер)

Инфраструктура, архитектура жана курулуш

Шаардын заманбап инфраструктурасын түзүү (транспорт, жашылдандыруу, бизнес-борборлор, турак-жай комплекстер ж.б.)

Коопсуздук

Коопсуз чөйрөнү камсыздоо, жарандардын укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын калыптандыруу

Экономика

Капиталга мунапыс. Жеке менчикти коргоо. Ишканаларды ачуу, кичи жана орто бизнести коргоо, жарандар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү

Шаардыктар, экология

Бишкек шаарынын тарыхый көрүнүшүн, эстеликтерди ж.б. Жаны конуштарга конул буруу. Шаардын экологиясын коргоо

Жаштар жана балдар

Жарандардын жаш муундарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү (спорт, түйүндөр, тарбиялоо)

Өнүгүү

Бишкек шаарынын Биринчи Май районун өнүктүрүү фондун түзүү

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)