Мамбетсадыков Азамат Нурбекович

                                   КР ЖКнын депутаттыгына талапкер                         

                                                                                                                                                                                                                                                                     Мамбетсадыков Азамат Нурбековичтин кыскача өмүр баяны

Уй-бүлөсу: Мамбетсадыков Азамат Нурбекович Нарын областынын Кочкор айылында 1988-жылдын 4 августунда ПМКнын механиги Мамбетсадыков Нурбек Эмилович, жана мугалим-Аманова Калиданын уй булосундо туулган.  Үй-бүлөлүү, эки балалуу.

Билими   

Билим алууну Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы №28 орто мектебинде баштаган. Андан кийин Кочкор айылындагы чоң ата, чоң энеге барып, алардын турмуш тиричилигине жардам берүү үчүн барган. Н.Жундубаева атындагы мектепте окуп, математика боюнча олимпиаданын уч жолку жеңуучусу болгон. Жыйынтыгында Бишкекке кайтып келип, № 70 гимназия мектебинде окуп, орто билим тууралуу аттестат алып,10-11-класстарды Кыргызстандын Эл аралык Университетинин алдындагы Политехникалык колледжин экстерн менен аяктап, 2005 жылы Кыргыз Орус Славян университетинин «Соттук экспертиза» адистиги боюнча бюджет факультетине откон. Жарым жыл Биринчи май райондук сотунда практика өткондон кийин, 3-курстан баштап  Кыргызстандын Эл аралык Университетине которулуп,   "Юриспруденция" адистигин көздөп, жогорку билими тууралуу дипломду алган.

Спорттук жетишкендиктер                

Өспүрүм курагында Бишкек шаарынын, Кыргыз Республикасынын каратэ боюнча чемпиону болгон. Жетилген куракта дуатлон, триатлон боюнча Кыргызстанда биринчи мелдештерине катышып, тоолуу, Ысык-Көл жарым марафондорунда жана марафонунун, ошондой эле велоспорт боюнча өз алдынча мелдештерде  катышкан. Азыркы учурда сергек жащоону жайылтууда.

Эмгек жолу                                                                                                                                                                                        

Эмгек ишмердигин учурунда популярдуу Clienterra компаниясында студент кезинде баштаган. Жогорку билими жөнүндө диплом алгандан кийин "Билим берүү аркылуу прогресс" коомдук бирикмесинин директорунун орун басары болуп, Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун жана бакубатчылыгын жакшыртуу максатында тамак-аш жана билим берүү долбоорлоруна активдүү катышты. 2013-жылдын январь айынан август айына чейин Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы болгон. Ошол эле жылдын сентябрында "Sky Mobile" ЖЧК (Билайн) оперативдуу топтун, негизги кардарларды тейлөө тобунун жетекчиси болуп эмгектенген. 2017-жылы патенттик ишенимдүү өкүлдүн лицензиясын алган жана өзүнүн "Онлайн патент"патенттик бюросун жетектеген.

Кошумча маалымат   

Көп тараптуу көндүмдөр ээ адам. Тез үйрөнүп жана башкаларды окутуп-үйрөтө алат, новатордук чечимдерди табат. Ылдам жазуу жана окуу ыкмаларын жакшы оздоштургон. Озун дайыма ар тараптан өнүктүрүүго умтулат. Ден соолукка камкордук коруу максатында шаарда жоо жүрот  жана велосипед колдонот.

Жеке сапаттары                                                                                                                                                                     

Жеке жоопкерчиликти ала алат, конкреттүү, ченемдуу максаттарга жетиш учун ишти натыйжалуу уюштура билет.

Социалдык тутумдар жана сайт

Twitter/Instagram/Tik-tok: @avantured     сайт: www.azamat.kg

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)