Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер

Мамбетсадыков Азамат Нурбековичтин

ПРОГРАММАСЫ

Мен, Мамбетсадыков Азамат Нурбекович: юрист, ишкер, менеджер.

Андан тышкары мен ойлоп табуучумун. Күн сайын жөө жүрөм, троллейбус же велосипед колдоном. Балдарым мамлекеттик төрөт үйлөрүндө төрөлгөн. Улуу балам мамлекеттик мектепте окуйт жана мен мамлекеттик мекемеде даарыланам. Мен башка деңгээлдеги кызматты төлөй алам, бирок бул менин аң-сезимдүү тандоом. «Өзүнүн терисин» тобокелге салган жетекчи гана башкалардын кызыкчылыгын чечүүгө моралдык укугу бар экенине ишенем.

Менде көптөгөн долбоорлор бар. Бул жерде менин башкалардан айырмалап тургандарды көрсөтөм:

Эгемендүүлүк автономиядан башталат. Мен атомдук электр станциясын курууну сунуш кылам.

Учурда өлкөбүздө электр энергиясы, суу жана куйучу май тартыш болуп жатат. Бул чечимдин аркасында:

  • Өлкөбүз 30 жылдан кем эмес электр энергиясы менен камсыз болот. Импорттук күйүүчү-майларга болгон муктаждык кыскарат. ЖЭБ резервдик вариант катары кана колдонулат. Биз кайра жаралуучу булактарды: шамал жана күн энергиясын өнүктүрүү үчүн убакыт утуп алабыз. Бул бизге түтүндөн арылууга, электр жана водород транспортуна өтүүгө мүмкүндүк берет.
  • Сууну ичүүгө жана сугат суусу катары колдоно алабыз, ошондой эле сууну өзүбүзгө зыян келтирбей кошуналар менен бөлүшө алабыз.
  • Кыргыз Республикасынын эл аралык коомчулукта статусу жогорулайт – атомдук электр станциялары жашыл энергия болуп эсептелет. Биз Париж келишимин (Атмосферадагы көмүр кычкыл газын азайтуу боюнча чараларды жөнгө салган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы) ишке ашырабыз.
  • Өлкө илим жана техника тармагында көп сандагы жумуш орундарын жана адистерге иш берет. Бул келечекке кадам таштоо үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк.
  • Эң негизгиси, азыр да бизди ууландырып жаткан радиоактивдүү калдыктарды жок кылуу жолдорун табабыз.
  • Балдарыбыз үчүн таза жерди, абаны жана сууну сактап калабыз.

Калктын саламаттыгы

Оорулуу балдардын дарылануусуна күн сайын акча чогултулуп жатканын көрүп жатабыз. Алардын көбү рациондо йоддун жана темирдин жетишсиздигинен "жашыруун ачкачылыктын" кесепеттери менен шартталган. Мен баарын дароо оңдой албайм, бирок эң эффективдүү кадамдардан баштайм. Байытылган унду жана жетиштүү йоддолгон тузду колдонуу диетаны өзгөртпөстөн аялдар менен балдардын темир жетишсиздик анемиясын жана йод жетишсиздигинин ооруларын азайтат. Бул оорулар пайда боло электе мага - Азамат Нурбекович Мамбетсадыковга добуш берүү менен айыктыра аласыз, анткени мен эмне кылуу керектигин жана кантип кылуу керектигин билем. Бул энелердин өлүмүн азайтып, жаш балдардын өнүгүүсүн жогорулатат.

Кантип талашып-тартышты токтотуп, ишке өтүү керек?

Кыргыз Республикасынын депутаты катары мен ар кандай пикирлердин өкүлдөрү талаштуу, курч маселелер боюнча талаш-тартыштарды жүргүзө турган аянтчаны демилгелеп жатам. Бул платформанын чечимдери юридикалык жактан милдеттүү болбойт. Платформанын негизги максаты ЖК деңгелин көтөрүү. ЖК элдин кыжырын келтирген куруу талкууларын азайтып негизги маселерге конул бурууга шарт тузот. Бул критикалык ой жүгүртүү жөндөмүн түшүнүктүү жана популярдуу кылат, ошондой эле талаш-тартыш маданиятын жаңы деңгээлге көтөрөт.

Биринчи дебатта Кыргыз Республикасынын жарандарынын жынысына, жашына, маданиятына, динине карабастан биригүүсүнө салым кошо турган “Жарандардын ыктыярдуу манифестин” талкуулап, түзүүнү сунуштайм. Каалаган жарандар катыша алат. Социалдык тармактарда жана телевидениеде көрсөтүлөт.

Коомдук транспорт

Троллейбустар ар бир районго барышы керек. Бул ыңгайлуу жана бизге айткандай кыйын эмес. Мен үчүн бул: мамыларды орнотуу, линияларды тартуу жана троллейбустарды жүргүзүү. Мүмкүнчүлүк болсо - өздүк өндүрүш. Бул реалдуу.

Коомдук транспорт үчүн атайын линиялар, жашыл толкун принциби, ошондой эле тескери кыймыл(реверсивдүү) жол жүрүү убактысын кыскартып, тыгындарды азайтат.

Кантип ден соолукту, туризмди сактап, ошол эле учурда аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү керек?

 Жөө күлүктөргө, велосипедчилерге, воркаутерлерге, карапайым жөө жүргүнчүлөргө шарт түзүп берем. ЖК-нын мурунку чакырылыштарда бул багытта конкреттүү демилгелерди көргөн эмесмин.

Эл, ишканалар өздөрүнүн бул маселелерди өнктүрүүгө кызыгы бар. Биз уюштуруп, масштабдуу кылышыбыз керек. Бул жагынан мага азыр чечимдерди кабыл алууга дээрлик катышпаган биздин ынтымактуу коомдор жардам беришет. Мындан тышкары, туристтер үчүн өлкөнүн рейтинги көтөрүлөт.

Биринчи Май районундагы демилгелер:

Бизде унутулуп калган «Динамо» велотрек бар. Жыл сайын аны ышкыбоздор тазалап, машыгып келишет. Бирок бул жетишсиз. Кичинекей аракеттер Кыргыз Республикасындагы велоспортко жаңы дем берет.

Биздин аймакта жашыл мейкиндиктер көп. Алардын гүлдөшү үчүн адамдар ал жерде басуу, чуркоо жана машыгуу керек. Бизге оюндар үчүн аянтчалар да керек (вело, ролик, скейтпарктар). Жаштар бул чечимдер үчүн сизге чоң рахмат айтышат!

Өлкөгө олимпиадалык стандарттагы бассейн керек. Убагында Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда болгон. Аны калыбына келтирүүнү же жаңысын мамлекет жана жеке өнөктөштүк формасында курууну пландаштырууну сунуштайм.

Триатлон (чуркоо, велосипед тебүү, сууда сүзүү) сыяктуу спорт бир эле аймактын ичинде бардык адамдар үчүн жеткиликтүү болот. Бул активдүү жашоо түрүн популярдуулугун көтөрө турган конкреттүү кадамдар.

Кантип билим берүүнү актуалдуу жана кызыктуу кылуу керек?

Балдарыбыз мектепти аяктагыча билими эскирип калат. Сиз муну түшүнүп турасызбы? Азыркы убакытта ​​балдар жана мугалимдер үчүн окуу процесси кызыксыз болуп жатат. Билимге сүйүү өлүп жатат. Буга чыдаса болобу?

Милдеттүү сабактардын санын, үй тапшырмаларынын көлөмүн кыскартууну сунуштайм. Анын ордуна, баланын кызыгын(хоббисин) жана мектептин чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн эске ала турган сабактардын системасын тандайбыз. Максаты - мектептердин, мугалимдердин жана окуучулардын жүгүн азайтуу. Мен үчүн бул куру сөздөр эмес. Бул ыкмаларды балдарыма колдоном жана ал жакшы натыйжа берип жатат.

Мамлекеттик мектептерде билим берүү деңгеели жеке мектептерден төмөн болбошу керек. Биз мыкты тажрыйбаларды кабыл алып, озүн далилденгендерин сактап калышыбыз керек. Азыркы убакытта практикалык көндүмдөр: программалоо, финансылык сабаттуулук жана робототехникага суроо-талап өсүүдө.

 

Эмнеге сиз 27 февралда шайлоо участогуна келип Мамбетсадыков Азамат Нурбековичке  добуш бергеңиз туура келет?

Мен жашаган Юг-2 Достук, Щербакова, Салам-Алик, Алтын-Бешик, Көлмө, Жеңиш, Бугу-Эне-Багыш, Касым, Керемет, Маданият, Аска-Таш, Тынчтык, Балбан-Таймаш, Калыс-Ордодогу. , Мурас-Ордо, Бугу-Эне-Багыш-та турган шайлоочуларымды унутпайм.

Биздин көйгөйлөрүбүз бир. Аларды эффективдүү чечүүнү каалайм жана даярмын.

Ар бир добуш менин шайлоодо жеңишим үчүн маанилүү. Менин программамды жакындарыңыз менен бөлүшүүңүздү суранам.

Урматтоо менен, келечектеги ЖК депутаты - Мамбетсадыков Азамат Нурбекович!

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)