Ибраймакунов Данияр Омурбекович

Автобиография

Мен, Ибраймакунов Данияр Өмүрбекович 1990-жылы 8-августта аскер кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. 1997-жылы Бишкек шаарындагы № 45 эксперименталдык орто мектепке тапшырып, 2008-жылы аны алтын медаль менен аяктагам. Ошол эле жылы Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Ярославл шаарындагы Аскердик финансы-экономикалык академиясына тапшырып, 2010-жылы Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Москва шаарындагы Аскердик университетинин финансы-экономика факультетине которулуп, 2013-жылы кызыл диплом жана алтын медаль менен бүтүргөм.

Окуудагы мыкты жетишкендиктерим үчүн мага аскердик жогорку окуу жайлардын мыкты бүтүрүүчүлөрүнүн урматына Улуу Кремль сарайындагы кабыл алууда «Россия Президентинин колунан» аттуу номиналдык саат ыйгарылган.

2013-жылдын июнь айынан тарта Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызматымды уланткам. 2014-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын 714 аскер бөлүгүнө (Пантера) которулгам. 2016-жылы аскердик кызматтагы жетишкендиктерим үчүн Москва шаарындагы Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Аскердик университетинин адьюнктурасына күндүзгү окууга жиберилгем.

Адъюнктурада окуп жаткан мезгилимде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, аны «Программалык бюджетти түзүүнүн механизминин негизинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн каржылык камсыздоонун натыйжалуулугун жогорулатуу» темасындагы диссертациямда чагылдыргам.

2019-жылы Россия Федерациясынын Жогорку окуу жайынын адьюнктурасын аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинде, азыркы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде ар кандай кызматтарда кызматымды уланткам.

Кызмат учурундагы аракеттерим жана кызматтагы ийгиликтерим үчүн ар кандай медалдар жана грамоталар менен сыйлангам.

2021-жылы Москва шаарында Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Аскердик университетинин атайын диссертациялык кеңешинде диссертациялык ишимди ийгиликтүү коргоп, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасына татыктуу болгом.

Кызмат жылдарында бир эле мезгилде Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында юриспруденция адистиги боюнча кошумча билим алып, аны артыкчылык диплому менен аяктагам.

Соттолгон эмесмин. Үй-бүлөлүүмүн, бир кыз, бир уулум бар.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)