КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРДИН

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ

 

Силер менен чогуу биргелешкен күч-аракеттер менен жетишүүгө тийиш болгон биздин негизги максаттарыбыз жана милдеттерибиз:

  1. Бишкек шаарынын, анын ичинде Биринчи Май районунун инфраструктурасын жакшыртуу:

- жолду сапаттуу оңдоону котролдоо;

- көчөлөрдү жана тротуарларды жарыктандырууну көзөмөлдөө;

- балдар жана спорт аянтчаларын көбөйтүү;

- жаңы конуштарды шаардык канализация тармактарына кошууну уюштуруу;

- коомдук транспорттун жүрүү каттамдарын ыңгайлаштыруу жана көбөйтүү;

- жаңы конуштарды интернетке кошуу кызматын арзандатуу;

- бүтпөгөн көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн жарандарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүнү демилгелөө, курулуш мезгилинде куруучуларга депозиттик (кепилденген) сумманы белгилөөнү сунуштоо;

- балдар жана спорт аянчаларын, эс алуучу жайларынын ордуна, жабдылган кварталдардын ичине көп кабаттуу турак жайларды курууга тыюу салуу;

- жашоочулардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган турак-жайды жаңылоо (оңдоо) программаларын түзүү;

- Бишкек шаарынын, анын ичинде Биринчи Май районунун тургундарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн коомдук кабылдамаларды түзүү;

- балдардын коопсуздугу үчүн мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде жөө күзөттөрдү жана постторду көбөйтүүнү демилгелөө.

  1. Өлкөнүн коргонуусу:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн модернизациялоо жана оптималдаштыруу;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына социалдык келпилдиктерди жана жеңилдиктерди берүү, акыларды жогорулатуу;

- мамлекеттик колдоо чараларын кабыл алуу аркылуу аскердик кесиптин жагымдуулугун жогорулатуу;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн пенсионерлеринин укуктарын коргоо (жеңилдетилген кредит берүү, окутуу ж.б.) аларды андан ары ишке орноштуруу;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн камсыздоо чыгымдарын оптималдаштыруу жана кирешенин жаңы булактарын түзүү, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү.

  1. Зарыл товарларга бааларды жөнгө салуу:

- тамак-аш азыктары (тамак-аш азыктарын жана башка керектүү товарларды өндүрүү, экспорттоо жана импорттоо жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу чараларын мыйзамдык жактан бекитүү);

- айыл чарба өндүрүшүнүн ички керектөө рыногун Ата Мекендик өндүрүлгөн тамак-аш азыктары менен толтурууга багыттоо;

- өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы ортомчуларды кыскартуу;

- дары-дармек каражаттары (дары-дармекке бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чараларын мыйзамдык жактан бекитүү);

- калктын социалдык жактан аялануу катмары үчүн мамлекеттик дарыканаларды ачуу жана мамлекеттик ооруканаларды дары-дармек менен камсыз кылуу.

- жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү максатында мамлекеттик жана жеке менчик медициналык мекемелерди салыктардын жана жыйымдардын бардык түрлөрүнөн белгилүү бир мөөнөткө бошотуу аркылуу “Дени сак адам – гүлдөгөн өлкө” программасын оптималдаштыруу.

  1. Мамлекеттик чек араны чыңдоо:

- калктын ички жана тышкы миграциясын азайтуу үчүн чек арага жакын аймактарда жумушчу орундарын жана жагымдуу инфраструктураны түзүү;

- чек ара аймактарында жашаган жарандарга социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди берүү (жеңилдетилген кредит берүү, пенсияга эрте чыгаруу, айлык процент кошумчасын кошуу).

  1. Жаш адистерди окутуу жана ишке орноштуруу:

- зарыл сандагы балдар билим берүү мекемелерин куруу;

- педагогикалык институттарда болочок мугалимдерди даярдоонун сапатын жогорулатуу;

- бардык деңгээлдеги мугалимдер үчүн мамлекеттик колдоо чараларын жана жеңилдиктер системасын камсыз кылуу аркылуу мугалимдик кесиптин жагымдуулугун жогорулатуу;

- билим берүү уюмдарында жарандарды кийин кепилденген ишке орноштуруу менен айрым адистиктер боюнча даярдоого жана кайра даярдоого мамлекеттик заказынын принцибин киргизүү;

- жаштарды колдоо жана стимулдаштыруу жана тааныштык жол менен ишке алууну жоюу максатында ЖОЖды артыкчылык диплому менен аяктаган бүтүрүүчүлөр үчүн квоталарды аныктоону мамлекеттик органдарды, мекемелерди, ишканаларды, ошондой эле ири жеке ишканаларды милдеттендирүү.

- илимдин жандануусу, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин наркынын олуттуу өсүшү;

  1. Жарандарды социалдык жактан колдоо:

- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү;

- пенсионерлерди;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды.

Калктын социалдык жактан аялануу катмары үчүн коммуналдык кызматтарды төлөөдөн толук жана/же жарым-жартылай бошотуу.

Калктын аз камсыз болгон катмарын жашоого керектүү арзан жана сапаттуу тамак-аш жана дары-дармектер менен камсыз кылуу жолдорун табуу.

  1. Экология жана жарандардын саламаттыгы:

Зыяндуу заттарды төмөндөтүү аркылуу:

- шаарларда жашыл мейкиндиктердин санын көбөйтүү;

- шаарды айланып өтүүчү жана айланма жолдорду куруу;

- калдыктарды кайра иштетүүчү заводду куруу;

- жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү;

- чарбалык объектилерге жакын аймактарды сактоо жана жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашыруучу ишканаларга жана уюмдарга колдоо көрсөтүү жана ассигнованияларын көбөйтүү;

- жеке сектордогу жылуулук берүүсүн жаратылыш газына өткөрүү (процентсиз ссудалар аркылуу керекттүү жабдууларды орнотуу).

  1. Рухий тарбия жана маданий баалуулуктар:

- жашаган элдердин салт-санаасын колдоо;

- Мекенге болгон патриоттуулукка тарбиялоо;

- зордук-зомбулукту жана өзүн-өзү жок кылуу идеологиясын (интернет, маалымат каражаттары аркылуу) пропагандалоону чектөө боюнча чараларды киргизүү;

- башка диндерди жана маданий баалуулуктарды сыйлоо

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)