Савин Виктор Евгеньевич

АВТОБИОГРАФИЯ

Савин Виктор Евгеньевич 21.02.1975-ж. төрөлгөн, Бишкек шаарынын тургуну. 1992-жылы Бишкек шаарынын №4 орто мектебин аяктап, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин экономика факультетине тапшырып, 1996-жылы аталган окуу жайды  “Бухгалтердик эсеп, көзөмөл жана чарбалык ишкердикти талдоо” адистиги боюнча аяктаган.

БИЛИМИ:

1992-1996-жж. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети (КУУ), адистиги: экономист;

1996-2000-жж. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян Университетинин экономика багыты боюнча аспирантура;

2000-жылдан баштап экономика илимдеринин кандидаты;

2001-жылдан баштап доцент;

2002-2003-жж. “Techex” магистратурасында, бизнес башкаруу магистри (MBA);

2003-2006-жж. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян Университетинин экономика багыты боюнча докторантура;

2006-жылдан баштап экономика илимдеринин доктору;

2012-жылдан баштап профессор.

КЕСИПТИК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:

1996-2003-жж. Бишкек гуманитардык университетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент;

2003-2006-жж. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян Университетинде экономика багыты боюнча докторантура;

2006-2022-жж. Бишкек мамлекеттик университетинде декан, профессор; Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян Университетинде профессор;

2016-2021-жж. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү.

ТИЛДЕРДИ БИЛҮҮСҮ:

 Орус, кыргыз, немис, англис тилдери

ЖАРЫЯЛАНГАН ЭМГЕКТЕРИ: 108 басма иштери, анын ичинде 5 монография, 23 окуу-усулдук көрсөтмө, КР ББжИМ грифи менен 5 окуу китеби.

СЫЙЛЫКТАРЫ: КР ББжИМдин Ардак Грамотасы (2009-ж.), Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун Мыктысы (2005-ж.), КР финансы рыногунун Мыктысы (2020-ж.), КР Экономика министирлигинин Ардак грамотасы (2021-ж.).

ЖЕКЕ САПАТТАРЫ: лидерлик, жамаатта иштөө жөндөмдүүлүгү, жоопкерчиликтүү, алдыга койгон максатка умтула билүүсү.

ҮЙ-БҮЛӨӨЛҮК АБАЛЫ: жубайы – Савина Мария Сергеевна 1975-ж. төрөлгөн, Бишкек шаарынын тургуну. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян Университетинде орус тили жана адабияты сабагынан окутуучу, ф.и.к., доцент.  Үч баласы бар.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)