Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Виктор Евгеньевич Савиндин

ПРОГРАММАСЫ

 1.Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын ар кыл багыттар боюнча сапаттуу жакшыртууну, өзгөчө билим берүүнүн сапатын жана анын ыңгайлуулугун (мектепке чейинки, мектеп курагында, адистик, жогору, кошумча билим берүүдө) жакшыртуу максатта каржылоону жогорулатуу;     

  1. Мугалимдин, өмүр сакчыларынын, ИИМ кызматкерлеринин адистик беделдүүлүгүн жогорулатуу. Алардын кирешелеринин 3-5 эсе жогорулатуучу механизмдерди иштеп чыгуу;
  2. Пенсионерлердин бардык категориясынын социалдык жактан коргоолуусунун жаңы механизмдерин иштеп чыгаруу менен таасирлентүү, пенсиялардын ченемдерин орточо айлык маянанын заманбап деңгээлине чейин жогорулатуу;
  3. Тышкы эмгек миграциясын кыскартуу алкагында жаштардын жумуш менен камсыз болуусуна шарттарды түзүү менен акчалай кирешелерин жогорулатууну камсыздоо.
  4. Айыл жерлеринде кайрадан иштетүүчү өнөр-жайды өнүктүрүү максатында инвестицияларды тартуу, фермерлердин айыл-чарба иштери үчүн пайыздык эмес насыяларды алууларына көмөктөшүү;
  5. Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун өнүктүрүү, ири электростанциялардын курулушун жандандырууга бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшоо, өлкөнүн газ жана мунай кендерин чалгындоого жана өндүрүүгө инвестицияларды тартуу;
  6. Иштелип чыккан калк үчүн турак жай куруу жана каржылоо программасынын негизинде ар бир кыргыз атуулун ыңгайлуу турак-жай менен камсыздоо;
  7. Көп деңгээлдүү жол өтмөктөрүн куруу, жүргүнчүлөрдү ыңгайлуу чоң сыйымдуулуктагы электр автобустары менен ташууну камсыздоо аркылуу шаардын жол тыгыны көйгөйлөрүн чечүү;
  8. Өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылууда жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүүдө болгон күч-аракеттерди жумшоо;
  9. Коррупциянын бардык деңгээлдеринде анын кулач жайышына бөгөт коюу максатта кынтыксыз күрөш жүргүзүү.   

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)