Мен, Алмаз уулу Аскар, эгемендүү Кыргызстан менен тең жаштамын, мамлекетибиз менен бирге өстүм. Бир топ саясатчылардын жүзү, алардын аты-жөнү өзгөргөнүн көрдүм, бирок эң негизгиси – мамлекетибизди талкалаган система өзгөрбөгөнүн байкадым.

Жаштардын гана эмес элибиздин да көйгөйлөрүн билем десем жаңылышпайм. Себеби, ар бирибиздин үй-бүлөбүздө балдарыбыз, кары-картаңдарыбыз бар жана биз баарыбыз алардын көйгөйү, түйшүгү менен биргеликте жашайбыз. Бул маселелер конкреттүү ар бирибиздин эмес жалпы жарандарыбыздын, мамлекетибиздин көйгөйлөрү.

Менин шайлоо алдындагы программам – мекендештерибиздин турмушунун дээрлик бардык чөйрөлөрүн камтыган бир нече пункттардан турат:

  1. Клептократияга каршы күрөш (бийликтин артыкчылыктарын жеке байлыгын жана саясий таасирин жогорулатуу үчүн колдонгон шылуундар көзөмөлдөгөн саясий институт);
  2. Коалициялык компромисс эмес, саясий принципиалдуулук. Биз коомчулуктун кеңири маалыматына жана көз карандысыз экспертизага таянуу менен парламентте мыйзам чыгаруу ишин эффективдүү жүргүзгүбүз келет;
  3. Билим берүү тармагын каржылоону бир нече эсеге көбөйтүү жана Кыргызстанда атаандаштыкка жөндөмдүү орто жана орто кесиптик билим берүүнүн жаңы системасын түзүү үчүн чет элдик адистерди тартуу;
  4. Бийлик менен элдин ортосунда көпүрө түзүү.
  5. Экономикада мамлекет менен жеке демилгенин негиздүү балансы. Экономиканын стратегиялык тармактарына мамлекеттин көбүрөөк катышуусу, бирок кичи жана орто бизнестин иштерине азыраак кийлигишүүсү;
  6. Кыргызстандын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө иш алып барган чет өлкөлүк компаниялар үчүн улуттук мыйзамдардын приоритеттүүлүгүн калыбына келтирүү;
  7. Экологиялык саясатта жана мыйзамдарда экологиялык жоопкерчилик жана жогорку мамлекеттик стандарттар;
  8. Экономикалык демилгени жана бюджеттик колдоону децентралдаштыруунун жогорку даражасы менен региондорду гармониялуу, тең салмактуу өнүктүрүү;