Болотбеков Бакытбек Болотбекович

       Мен, Болотбеков Бакытбек Болотбекович, 1986-жылы 22-октябрда Нарын шаарында кызматкерлердин үй бүлөсүндө туулгам.

       1993-жылы А. Буйлаш уулу атындагы орто мектепке 1-класска барып, андан кийин Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы орто мектепке 4-класста которулгам. 9-классты аяктагандан кийин, 2002-жылы Бишкек унаа-жолдук техникумга тапшырып, 2005-жылы ийгиликтүү аяктагам. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык Академиясына тапшырып,  “жарандык укук” адистиги боюнча жогорку юридикалык билим алдым, аяктоо жылы 2009.

        Эмгек жолумду 2006-жылы  Биринчи май райондук сотто иш жүргүзүүчү адистиги боюнча баштагам.

        Андан кийин соттук отурумдун катчысы кызматына, 1-категориядагы адис, ошондой эле соттун жардамчысы кызматына которулгам.

        2013-жылдын июнь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин “ГРОН” ЖЧКсынын Башкы директору кызматында иштедим.

        2016-жылдын июнь айынан 2021-жылдын декабрь айына чейин “Мега ГРОН” ЖЧКсынын Башкы директору кызматында эмгектендим.

        Ошондой эле 2020-жылдын сентябрь айынан азыркы учурга чейин “АИС Хоум” Коммерциялык эмес кооперативинде башкаруунун Төрагасы кызматында эмгектенип келем.

        Үй бүлөлүүмүн, 2 уулдун атасымын.

 

       3-класстагы юрист – класстык чин ыйгарылган.